Menu

Кызганычтан улам күйөөсүн бычактаган Чүй облустук милициянын экс-начальниги Нурлан Сарчаевдин аялы үй камагына чыгарылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Чүй облустук милициянын экс-начальниги Нурлан Сарчаевдин тергөө абагында олтурган аялы, М.Б. аттуу жаранды үй камагына чыгарды. Бул тууралу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

М.Б. 17-июлдун кечинде болжол менен саат 18.00.дө өз үйүндө күйөөсүн жаш аялдан кызганып, акча бөлүшө албай чыр чыгып, күйөөсүнүн жамбашына бир нече жолу бычакты сайып алган.

Натыйжада күйөөсүн “тез жардам” ооруканага алып кетип, аялы М.Б.ны Свердлов райондук милиция камакка алып кеткен. Милиция М.Б.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 104-бейбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Сот эки жубайдын 3 баласы үйдө кароосуз калганын эске алып, М.Б.ны тергөө бүткөнчө, 17-сентябрга чейин үй камагына чыгарды.

Ошол эле учурда ооруканада жаткан Нурлан Сарчаев аялы М.Б.га эч кандай доосу жок экенин билдирип, сотко арыз жөнөткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: