Menu

Динара Ошурахунова, укук коргоочу: “Сооронбай Шарипович, бүгүн сиз жолугушууга чакырган жарандык сектордун 40 активистинин бирин да КТРК эфирге чыгарбайт”

Бөлүшүү:

“Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен президент менен жарандык сектордун жолугушууларын мындан ары байма-бай уюштуруп, өткөрүп турууну жөнгө салуу үчүн азыр убактылуу жумушчу тобун түзүүнү сунуш кылам. Ал топ кийинки жолугушуулардын форматын, регламентин, тематикаларын жана убакыттарын аныкташ керек. Өкмөттүк эмес уюмдарды багыттары боюнча тактап, мисалы сот реформасы, экология жана ушул сыяктуу багыттары менен топ-топко бөлүп, жарандык коом менен бийлик ошол багыттар боюнча бирдиктүү чечимдерди иштеп чыгып турушу зарыл. Мына, бул жерде олтурган, сиз бүгүн жолугушууга чакырган жарандык сектордун 40 активистинин бирин да КТРК эфирге чыгарбайт. Ал коомдук канал деп аталганы менен коомдун үнүн укпайт. Ошондуктан бизде коомдук көйгөйлөрдү коомдук телеканалдар аркылу элге жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок”, – деп билдирди кечээ, 19-июлда укук коргоочу Динара Ошурахунова КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жарандык сектордун жолугушуусу учурунда. Президент бул маалыматты таң калуу менен укту жана чечүүгө убада берип, өзүнө жазып алды.

“Биздин мамлекеттик органдар эл аралык укук коргоочулар менен журналисттердин өлкөгө келип-кетишине ар түрдүү ойлоп табылган шылтоолор менен тоскоолдуктарды жаратышууда. Укук коргоочу эл аралык Хьюман райтс вотч уюмунун өкүлдөрү, журналисттер Крис Риклтон, Григорий Михайлов сыяктуу журналисттер Кыргызстанга киргизилбей жатат. Ушундай мыйзамсыздыктарга көңүл бурсаңыздар”, – деп суранды укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун 40 лидери менен жолугушуу өткөрдү. Алгач 2 саатка белгиленген жолугушуу кызуу талкуулар менен 4 саатка созулуп кетип, анан аяктады. Анда бүгүнкү кыргыз мамлекетинин алдында турган ар кандай көйгөйлөр менен тобокелдиктер талкууланды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: