Menu

Президент Жээнбеков блогер Эдил Байсаловду мактады

Бөлүшүү:

“Сиз бүгүн жолугушууга мурун сизди сындап жүргөн жарандык коомдун өкүлдөрүн да бөлбөй кошуп чакырып, өзүңүздүн мандатыңызды дагы бекемдеп алдыңыз. Сиз бизди кызматташууга чакырып жатасыз, чынын айтсак биз сизге кызмат кылууга даярбыз. Ошону менен катар айрым сунуштарды айтып койсом, сиздин аппарат бир чечимдерди кабыл алганда аны алдын-ала бизге түшүндүрүп койсо жакшы болор эле, биз аны андан ары элге туура түшүндүрүп, жардам бермекпиз. Антпесе азыр кандай болуп жатат, биринчи чечимди кабыл алып, элге жарыялап, анан ызы-чуу болгондо түшүндүрүп жатышат. Биз да чечимдердин негизги максатын түшүнбөй, элге кошулуп уу-дуу болуп кетип жатабыз. Кийин түшүнгөндө аа, туура эле болгон экен деп калып жатабыз. Ошондуктан аппарат чечимдерди алдын-ала түшүндүрүп турса. Анан да кыргыз тили боюнча айткым келет. Ушул кыргыз мамлекетинде кыргыз тилин такыр өнүктүрө албай койдук. Уят болуп жатабыз. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө көңүл бурсак”, – деп билдирди кечээ, 19-июлда укук коргоочу, блогер Эдил Байсалов КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жарандык сектордун жолугушуусу учурунда.

“Эдил, сен жаңы Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүнө чоң салым кошуп келаткандардын бирисин. 20 жылдан бери сен эл үчүн, адилет бийлик үчүн күрөшүп келатканыңды билем, байкап келатам. Ушунуңдан жазба. Сенин айткандарыңдын баарын жазып алдым. Кыргыз тили боюнча айтсам, биз азыр бийликтин баардык бутактарында иш кагаздарын кыргыз тилине которуп жатабыз. Алгач ушул президенттик аппарат, өкмөт, Жогорку Кеңештен баштадык. Биз сөзсүз түрдө, толук бойдон кыргыз тилине өтөбүз. Сенин бул маселени көтөргөнүң да жакшы. Силер менен чоогу биз бул маселелердин баарын чечебиз”, – деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун 40 лидери менен жолугушуу өткөрдү. Алгач 2 саатка белгиленген жолугушуу кызуу талкуулар менен 4 саатка созулуп кетип, анан аяктады. Анда бүгүнкү кыргыз мамлекетинин алдында турган ар кандай көйгөйлөр менен тобокелчиликтер талкууланды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: