Menu

Эрик Ирискулбеков, укук коргоочу: “Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте 105 гектар парк болгон экен, азыр 50 гектар гана парк калыптыр”

Бөлүшүү:

“Тарыхый имараттарды аёосуз талкалап жатышат, ушул кантип болсун? Алгач тарыхый деп таанып, тизмеге киргизип алып, анан каалаган учурда аны тарыхый эмес деп тизмеден чыгарып, жаңы курулушка берип коюп жатышканы кандай?  Жакшынакай “Нарын” деген ресторан бар болчу, архитектуралык эстелик деп таанылган, азыр эми аны талкалаганга уруксат беришип, талкалап салышты. “Эркин-Тоо” басмаканасы да тарыхый имарат деп таанылган, эми аны тарыхый имараттардын тизмесинен акырын чыгарып, бузганга уруксат беришиптир. Эмне үчүн бийлик буларды жазалабайт? Ошондой эле парктарды  алалы. тарыхый Кычан Жакыпов атындагы паркты толук талкалап бүтүштү. Аламүдүн паркын базар кылып салышты. Эмен багын четинен кыскартып, кафелерди салып келатышат. Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкек шаарындагы парктардын аянты 105 гектар экен, азыр 50 гектар калыптыр. Биз каякка баратабыз? – деп суроо салды  кечээ, 19-июлда укук коргоочу Эрик Ирискулбеков КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жарандык сектордун лидерлеринин жолугушуусу учурунда.

“Эми ал тарыхый жерлерди кимдер алып, кимдер бузуп жатканын силер деле билесиңер да. Уяттары жок экен. Бирок, биз муну мындай калтырбайбыз. Бара-бара аларга да колубуз жетет”, – деп жооп берди президент Сооронбай Жээнбеков.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун 40 лидери менен жолугушуу өткөрдү. Алгач 2 саатка белгиленген жолугушуу кызуу талкуулар менен 4 саатка созулуп кетип, анан аяктады. Анда бүгүнкү кыргыз мамлекетинин алдында турган ар кандай көйгөйлөр менен тобокелчиликтер талкууланды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: