Menu

Бегалы Наргозуев: “Чыныгы сөз эркиндиги орнош үчүн кыргыз басылмалары каржылык эркиндикке да жетишиши керек”

Бөлүшүү:

“Урматтуу президент! Мени Сөз эркиндигин коргоо комитетинин теңтөрагасы катары бул жолугушууга чакырганыңыздарга ракмат! Сиз бийликке келгенден бери сөз эркиндиги айдыңында жаңы желаргы жүргөндөй болду. Мурункудай журналисттерди басмырлоо, куугунтуктоо, сот аркылуу миллиондогон сомдорго дооматка жыгуулар, рейдерлик жолдор менен басылмаларды тартып алмай токтоду. Бирок чыныгы сөз эркиндиги орнош үчүн кыргыз ММКлары каржылык көз карандылыкка да жетиши керек”, – деп билдирди кечээ, 19-июлда Сөз эркиндигин коргоо комитетинин теңтөрагасы Бегалы Наргозуев КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жарандык сектордун лидерлеринин жолугушуусу учурунда.

“Биздин кыргыз гезиттер же ММКлар рыногу өтө кичине, тар, чыгарган продукциясы кеткен чыгымын актабайт. Кыргыз тилдүү реклама рыногу да ошондой эле тар. Ошондуктан кыргыз басма сөз рыногун өнүктүрүү үчүн мамлекет каржылык жардам бериши керек деп ойлойм. Азыр жарандык коомду мамлекеттик гранттар менен колдоону пландаштырып жатабыз деп айтып кеттиңиз, мына ошондой эле мамлекеттик гранттар менен кыргыз ММКларын колдосоңуздар алар сиздердин коррупция менен күрөшүңөрдө силерге тирек, өнөктөш болуп бермек. Антпесе бизде атаандаштык адилеттүү болбой калып жатат. Мисалы, “Спутник Кыргызстан” басылмасын килейген Россиянын бюджети чоң акча менен колдойт, “Азаттык” басылмасын АКШнын бюджети биз үчүн эбегейсиз чоң сумма менен колдойт, “Би-Би-Си” басылмасын Улуу Британиянын бюджети каржылап жатат. Материалдык-техникалык базасы мыкты. Ал эми биздин көз карандысыз басылмаларды кыргыз мамлекеттик бюджети колдобойт. Улуттук кызыкчылык деген кайда? Натыйжада кыргыз гезиттери тарбиялаган мыкты журналисттерди “Спутник”, “Азаттык”, “Би-Би-Си” сыяктуу басылмалар чоң айлык акылар менен тартып кетип жатышат. Азыр булардын штаттарын карасаңыздар, 90 пайызы мурун кыргыз басылмаларында иштеп такшалган журналисттер. Ал басылмалардын Кыргызстандагы ийгилигинин ачкычы – артында турган ири мамлекеттердин капчыгына байланыштуу. Эгер андай мамлекеттик каржылоо болсо биздин көз карандысыз басылмалар да чоң ийгиликтерди жаратышмак. Албетте биз аларга дооматыбыз жок, биз ошол мамлекеттердей каржылай албаган өзүбүзгө гана дооматыбыз бар. Ал мамлекеттердин өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктары бар. Биздин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын ким ойлойт? Ошондуктан жыл сайын гранттарды караштыруу учурунда конкурстук негизде 3-4 кыргыз гезитине гранттар бөлүнсө, аны бөлүүнүн критерийлери мамлекетке пайда алып келе тургандай кылып иштелип чыкса жакшы болот эле. Ошондо калыс атаандаштык болот эле”, – деди Наргозуев.

“Экинчи маселе, сиз быйыл жыл башында соттор менен жолугушуу учурунда сот процесстерин видеокаттоо аркылу түз эфирде ачык көрсөтүү болсун деп тапшырдыңыз эле, соттор ошону жасабай келатышат. Бул эмне соттордун саботажыбы?  Ушуга кайра көзөмөл жасап койсоңуздар. Үчүнчү маселе, укук коргоо органдарын, айрыкча, УКМКны, ИИМди жана сот системасын десаясатташтырууну, деполитизацияны жасап кетсеңиз тарыхта калат элеңиз.  Албетте мындай кадамга баруу бийликте турган адамга кыйын, сизге бул ыңгайсыз бирок келечекте элиңиз үчүн аябай ыңгайлуу системанын пайдубалын коёт элеңиз. Бул органдар саясаттан четтелип, ар  бири өзүнүн профессионалдык иши менен алек болушу керек. УКМК чалгын жана контрчалгын, балким терроризмге каршы күрөшүү менен, ИИМ криминал жана коомдук тартип менен алпурушу керек. Саясый аңдуулар, тыңшоолор, куугунтуктоолор болбойт деп жатасыз. Бирок, сизден кийин кандай жаңы президент келет биз билбейбиз да. Сиз көп күтүлбөгөн кадамдарды жасап таң калтырып келатасыз, дагы бир эрдик кылып укук коргоо органдарын десаясатташырып кетиңиз”, – деди Бегалы Наргозуев.

“Деполитизация акырындап болот. Соттук процесстерди видеокаттоо аркылу ачык көрсөтүү үчүн каражат табылды аны да жасайбыз, көзөмөлдөйбүз. Ал эми кыргыз гезиттерин каржылык колдоо үчүн азыр каражат жок, каражат болуп калса караштырабыз”, – деп жооп берди президент Сооронбай Жээнбеков.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун 40 лидери менен жолугушуу өткөрдү. Алгач 2 саатка белгиленген жолугушуу кызуу талкуулар менен 4 саатка созулуп кетип, анан аяктады. Анда бүгүнкү кыргыз мамлекетинин алдында турган ар кандай көйгөйлөр менен тобокелчиликтер талкууланды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: