Menu

Президент Жээнбеков ТВЕА компаниясынын Кыргызстандагы кызматчысы Бишкек ТЭЦиндеги ишти иликтөө алкагында кармалганын билдирди

Бөлүшүү:

“Мен коррупция менен болгон күрөштү аягына чейин жеткирем. Азыр Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча ишти аягына чыгарып алсак, анан мындан да чоң коррупциялык иштердин бетин ачууну баштайбыз деп турабыз. Мына, кечээ мага билдиришти, биздин Бишкек ТЭЦин модернизациялаган кытайлык ТВЕА компаниясынын Кыргызстандагы бир кызматчысын, түздөн-түз ТЭЦти модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан кытай жаранын мына ушул ишти иликтөө алкагында кармашыптыр. Биз бул ишти ийне-жибине чейин тактап, аягына жеткиребиз, күнөөлүүлөр жазасын алат”, – деп билдирди 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков жарандык сектордун лидерлери менен жолугушуусу учурунда.

Эсиңиздерге сала кетсек, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун 40 лидери менен жолугушуу өткөрдү. Алгач 2 саатка белгиленген жолугушуу кызуу талкуулар менен 4 саатка созулуп кетип, анан аяктады. Анда бүгүнкү кыргыз мамлекетинин алдында турган ар кандай көйгөйлөр менен тобокелчиликтер талкууланды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: