Menu

Испания Өзбекстанга мурдагы прокурордун “шеригин” экстрадициялайт

Бөлүшүү:

17-июнда Мадрид соту эл аралык издөөдө жүргөн ишкер Алишер Ходиевди Өзбекстанга экстрадициялоо боюнча токтом кабыл алды. Испан соту бул чечимин Ходиевге каршы айыптоолор саясий эмес, экономикалык мүнөздө экени менен түшүндүргөн.

Мындан тышкары президент Шавкат Мирзиёевдин адам укуктары тармагындагы реформалары эл аралык коомчулук тарабынан жогору бааланып жатканы, Өзбекстан адам укуктарын коргоо боюнча БУУнун бардык конвенцияларына кол койгону белгиленген. Ошол эле маалда Алишер Ходиев эгер мекенине кайтса, кыйноолорго кабыларын фактлар менен далилдеп бере алган эмес.

​ Алишер Ходиевдин укугун коргогон Bray&Avalo Abogados адвокаттык компаниясы соттун токтомун даттануу маселеси каралып жатканын билдирди. Жактоочулар ишкерди айыптоо негизсиз экенин, Өзбекстанда Алишер Ходиевдин жакындарына басым жүргүзүлүп жатканын белгилешүүдө.

39 жаштагы Алишер Ходиев мекенинде опузалап акча талап кылуу, алдамчылык жана кылмыштуу жол менен алынган акчаларды адалдоо беренелери боюнча айыпталууда. Ага карата Өзбекстандын мурдагы башкы ппрокурору Рашид Кадыровго каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында айып тагылган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл башкарган 66 жаштагы Рашид Кадыров опузалоо, мамлекеттин мүлкүн уурдап алуу, салык төлөөдөн качуу, пара алуу, соттук иштерге кийлигишүүгө айыпталууда.

Өзбекстандын башкы көзөмөл органы Алишер Ходиев мурдагы башкы прокурордун кылмыштуу иштериндеги шериги болгон деп эсептейт

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: