Menu

Өзбекстанда ректорлор паракорчулук менен күрөшө баштады

Бөлүшүү:

Өзбекстан жогорку окуу жайларынын ректорлору абитуриенттер жана алардын ата-энелерине кайрылуу жолдошту. Алар коррупционерлерге жана паракорлорго акча бербөөнү сурашкан.

«Биз – ректорлор билим берүү жана тарбия жараянын заманбап талаптарга ылайык уюштурууга, алдыңкы инновациялык идеаларды ишке киргизүүгө, талантуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусу үчүн шарт түзүүгө, бул тармакка терс таасир тийгизип жаткан паракорчулукту жоюуга, жогорку окуу жайларын чыныгы агартуучулук жайына айлантууга убада беребиз», – деп айтылат ректорлордун кайрылуусунда.

Ошол эле маалда өзбек жогорку окуу жайларынын ректорлору абитуриенттер менен алардын ата-энелерин алдамчылар менен паракорлордун тузагына илинбөөгө чакырат. «Тилекке каршы, алдамчылар менен паракорлордун дүйнөгө болгон көз карашы өзгөрбөйт… Алардын тузагына кабылбагыла… Бир чындыкты унутпагыла! ЖОЖго пара берип өткөн киши өмүр бою бул акчаны кайтаруу аракетин көрөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстанда ЖОЖ ректорлору мындай кайрылууну биринчи жолу жасашууда.

Быйыл өлкөдө жогорку окуу жайына тапшыруу тесттери башкача ыкма менен өтөрү жарыяланган.

ЖОЖдорго 675 миң абитуриент документ тапшырган, бул былтыркыга салыштырмалуу 54 миңге аз.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: