Menu

Тажикстандын банк секторунда кызматкерлердин санын кыскартуу уланууда

Бөлүшүү:

“Эсхата Банкы” жыл башынан бери кызматкерлеринин санын он пайызга кыскартты. Каржы мекемесинен билдиришкендей, Улуттук банктын сунушу менен жетекчилик алмашкандан кийин персоналдардын саны азайтылды.

Маалыматтарга караганда, айрым кызматкерлер тейлөө жайлары жабылгандан кийин банк менен коштошушкан, айрымдары аттестациядан өтпөй калган.

“Эсхата Банкы” кызматкерлердин санын кыскартуу каржы каатчылыгына байланыштуу экенин баса белгилеген.

Тажикстандын банк сектору 2015-жылдан бери каатчылыкка кептелди. 17 банк тарабынан көрсөтүлгөн система көйгөйлүү насыяларга туш болгон, алардын жалпы көлөмү 520 миллион долларды түзөт. Былтыр Тажикстанда төрт ири коммерциялык банк каржылык маселелерден улам лицензиядан ажыраган, дагы эки орточо банк – “Тажпромбанк” менен “Фононбанк” дефолтко учураган.

“Эсхата Банкы” 1994-жылы негизделген, 1,5 миллион кардарды тейлеген базасы бар.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: