Menu

Мария Бутинанын АКШ аткаминерлери менен байланыштары ачыкка чыгууда

Бөлүшүү:

АКШда “орусиялык агенттер” менен иштөөгө айыпталган Мария Бутина Вашингтондогу жогорку кызматтагы чиновниктер менен байланышта болгон.

Reuters маалымдагандай, 2015-жылы ал АКШ Федералдык резервдик системасынын ошол кездеги төрага орун басары Стэнли Фишер жана каржы министринин эл аралык маселелер боюнча орун басары Натан Шитс менен жолугушкан.

Бутина АКШга 2015-жылы апрелде Орусия Улуттук банкынын төрага орун басары Александр Торшин менен келген. Фишер жана Шитс менен жолугушууда алар Америка-Орусиянын экономикалык мамилелерин талкуулашкан.

Бул жолугушуулар тууралуу буга чейин маалымат айтылган эмес.

Фишер жана Шитс менен жолугушууну адатта Орусиянын позициясын колдогон, тышкы саясат тармагында иштеген Вашингтондогу аналитикалык уюм – Улуттук кызыкчылыктар борбору уюштурган.

Бутина “америкалык саясатчыларга таасир этүүгө аракеттенген, Орусиянын кызыкчылыктарын сүрөгөн жана орус бийлигинин пайдасына иштеген” деп шек саналып, 15-июлда кармалган. Бул беренелер боюнча эң жогорку жаза – 15 жыл. Бутина айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: