Menu

Видео – Казакстанда көрүүсү начарлардын радиосу иштей баштады

Бөлүшүү:

Казакстандагы “Sector Х” интернет-радиосунда мүмкүнчүлүгү чектелген кишилер – азиз жана көрүүсү начарлар алып баруучу болуп иштеп жатышат. Алар элдин көңүлүн Казакстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө буруу үчүн бекер иштешүүдө. Берүүлөрдү алып барууну аларга белгилүү радио чеберлери үйрөтүүдө.

Бул азырынча адаттан тыш иш алып барган Борбор Азиядагы жалгыз радио.

“Биз барьердин болушун каалабайбыз. Бардык балдар бекер иштеп жатат, анткени алар бул биздин жалпы ишибиз деп эсептешет”, – деди долбоордун уюштуруучусу Сауле Алпысова.

“Sector Х” радиосунда 10 журналист иштөөдө, келечекте штатты эки эсеге көбөйтүү пландалууда. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишке алуудан мурун белгилүү радио чеберлери аларды үн менен иштөөгө, жаңылыктарды окуу техникасына, маалымат издөөгө үйрөтүштү.

Ильяс Фаткулин “Sector Х радиосунда “Тифложизнь” программасын алып барат. Ал бул жумуш өзү сыяктуу көрүүсү начар адамдардын жашоосун жеңилдетет деп эсептейт.

“Sector Х” долбоорунун программалык директору Саулет Беркут радиостанция алып баруучулары көзү көргөн кишилерден кем калышпасын айтты: “Алардын баары жогорку билимдүү. Аларга баары кызыктуу, жаңы нерселерди үйрөнүүгө, жасоого умтулушат”, –деди ал.

Азырынча интернет-радио IT-университетинин студиясында контентин даярдоодо, бирок жакын арада долбоордун катышуучулары жеке кеңсеге көчүүгө ниеттенишүүдө.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: