Menu

АКШдагы кыргызстандыктар Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө каражат чогулта башташты

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар дүйнөлүк «gofundme» кайрымдуулук порталы аркылуу журналист Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүн колдоого каражат чогулта башташты.

«Кыргыздын чыгаан азаматы, чындык дегенде жанын үрөп, башын канжыгага байлап чыркырап түшкөн баатыры Уланбек Эгизбаев дүйнөдөн кайтты. Уландын өлүмү кыргыз жергесинде көпчүлүктү болуп көрбөгөндөй муңга бөлөдү. Баатырын барктабаган эл алсыз дейт. Келгиле? Артында калган жубайынын, тукумун улантып дүйнөгө жакында келе турган баласынын жана ата энесинин кайгысын тең бөлүшүп кол кабыш кылалы, Уландын пикирин жана кылган иштерин улантуу үчүн бел байлайлы. Баатырыбызбы барктап алалы, артынан болсо да», – деп жазылган кыргызстандыктардын порталдагы кайрылуусунда.

Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 28 гана жашта эле.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: