Menu

Өзбекстанда жогорку окуу жай мугалимдеринин айлыгы жогорулайт

Бөлүшүү:

1-августтан тарта Өзбекстанда Илимдер академиясынын башкармалык аппаратынын жумушчуларынын айлыгы эки эсеге жогорулайт. Бул тууралуу Norma.uz басылмасы өлкө президентинин тиешелүү токтомуна таянып жазды.

Андан тышкары 1-сентябрдан тарта жогорку окуу жайлардын илимий-изилдөө мекемелеринин жана профессордук-окутуучулук курамынын маянасы орточо эсеп менен 25% көбөйөт.

Ошондой эле ээлеген кызматына жана илимий ишмердүүлүгүнүн багытына жараша илимий-изилдөө мекемелердин инженердик-техникалык кызматкерлеринин айлыктары 30 пайыздан 100 пайызга чейин жогорулатылат.

Аны менен катар жогоруда аталган бардык категориялар боюнча маяналар 2019-жылдын 1-январынан тарта 20%, 2019-жылдын 1-июлунан 25% көбөйөт.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: