Menu

Трамп: Путин менен эки өлкөгө пайда алып келе турган маселелер жөнүндө сүйлөштүк

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен Хелсинкидеги жабык сүйлөшүүсүндө орус тарапка «эч нерсе берип койбогонун» билдирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

Басылма белгилегендей, бирок Трамп сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу кеңири айтуудан баш тартты.

Акыркы кездери президенттин партиялаштарында (республикачылар) Трамп менен Путиндин ортосунда жашыруун макулдашуу ыктымалдыгы боюнча суроолор жаралган.

«Биз болгону эки өлкөгө пайда алып келе турган келечектеги маселелер жөнүндө сүйлөштүк», — деп жазды Трамп Твиттерге.

Хельсинкидеги саммиттен кийин АКШ президенти Путин менен Түндүк Корея маселеси жана Жакын Чыгыштагы кырдаал сыяктуу көйгөйлөрдү талкуулаганын билдирип, бирок ал маселелердин чоо-жайын толук айткан эмес. Орусиянын расмий адамдары сүйлөшүүлөр маалында Путин Украинадагы жаңжал боюнча Трампка конкреттүү сунуш айтканын билдиришкен. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дагы президенттер Сирия каатчылыгын талкуулаганын айткан.

АКШ чалгынынын жогорку кызматтагы адамдары менен Конгресс мүчөлөрү сүйлөшүүлөрдүн мазмунун билбей тургандыктарын белгилешкен. Америкада эки лидердин жолугушуусу катуу сынга алынганына карабастан, өткөн жумада Трамп Путинди Вашингтонго келип кетүүгө чакырган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: