Menu

Видео – “Акун” пансионатында Улан Эгизбаев сууга чөккөн учурда куткаруучулар болгон эмес

Бөлүшүү:

22-июлда, болжол менен саат 13.40.да белгилүү журналист-иликтөөчү Улан Эгизбаев Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатында сууга чөгүп кеткен. Ошол учурда ал жерде эс алып жүргөн КТРКнын журналисти Адилет Чубаков Улан Эгизбаевди суудан алып чыгышканда көргөн, бирок тааныган эмес. Анан “Акун” пансионатындагы шалаакылык, сугалактык, куткаруучулардын жоктугу тууралу видеотасма тартып баяндап жатканда, арткы планда Улан Эгизбаевди ооруканага алып кетип жатышкан врачтар видеокадрга түшүп калган.

“Эмнеге сууга чөккөндөр көп катталып жатат?  “Акун” пансионатында жаңы эле бир окуя болду. Пляжга киши башына 300 сомдон алып киргизип жаткандан кийин куткаруучуларды дагы коюш керекпи? Бирок пансионаттын кызматкери же куткаруучу 15 минута өткөн соң келди жээкке!!! Азыр баланы “тез жардам” алып кетти эс учун жоготкон абалында. Жараткан амандыгын берсин. Бул жерде кирүү акысына 300 сом алып жаткан “АКУН” пансионатынын жоопкерчилиги канчалык?

Жан дүйнөм жанчылып турат! Сени суудан көтөрүшүп чыгып, маңдайында карап отуруп тааныбай калдымбы? “Улан” деп арасынан бирөө айтса, жүзүңө тигилип карап ЖОК дегем. Ыйманы саламат болсун!” – деп жазат журналист Адилет Чубаков.

Видеотасма журналист Адилет Чубаковдуку

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: