Menu

Жалал – Абадка тартылып келген тышкы инвестициянын көлөмү 10 эсе өстү

Бөлүшүү:

Жарым жылда Жалал-Абад шаарынын экономикасынын ар түрдүү тармактарына 1 миллиард 648,6 миллион сомдук инвестициялар тартылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 142,5 пайызды түздү. Анын ичинен, ички инвестициялар 1 миллиард 189,4 миллион сомду, тышкы инвестициялар 459,2 миллион сомду түздү. Бул туралуу шаардын мэрияснын басма сөз кызматы маалымдады.

Өткөн жылга салыштырмалуу тышкы инвестициялардын көлөмү 10 эсеге көбөйдү, себеби Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан шаардын суу түтүктөрүн реабилитациялоо жумуштары аткарылууда.

Тартылган инвестициялардын эсебинен үстүбүздөгү жылдын 6 айында шаар аймагында 29 жаңы ишканалар ачылып, 38 жаңы жумуш орундар түзүлдү.

Андан тышкары, шаарда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы менен “Ситизен” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан тартылган 23,5 миллион сомдук инвестициялар эсебинен жаңы заманбап мал союучу ишкана курулуп бүткөрүлдү. Курулушка “Айыл банк” тарабынан 10 миллион сом насыя тартылса, ал эми 13,5 миллион сом жеке ишкер эсебинен берилди.

Республикалык бюджеттин эсебинен дем берүүчү гранттарды тартуу максатында шаар мэриясынын, бюджеттик мекеме-ишканалардын адистери менен биргеликте 12,69 миллион сомдук 7 бизнес-долбоорлор иштелип, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине жөнөтүлдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: