“Кикбоксер Руслан Абасовдун өлтүрүлүшү боюнча козголуп, токтоп калган кылмыш иши кайрадан жандандырылды. Жаңы план, жаңы версия пайда болду. Кылмышка шектүү кыргызстандын жараны Россияда качып жүргөндүктөн ага эл аралык издөө жарыяланды”, – деп билдирди бүгүн, 24-июлда КР ИИМде өтүп жаткан үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында мекеменин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев.
Эсиңиздерге сала кетсек, кикбоксер Руслан Абасов 2014-жылы 27-мартта Токмок шаарынын 3-кичирайонунда машинасына коюлган жардыруучу зат менен жардырылып өлтүрүлгөн. Ошондон бери милиция бул кылмыш ишинин бетин ачалбай келет.
Бүгүнкү маалымат жыйынында КР Ички иштер министри, милициянын генерал-майору К. Джунушалиев, министрдин орун басарлары, борбордук аппаратынын кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, окуу жайларынын, өз алдынча бөлүмдөрдүн, Бишкек ШИИББнын, Чүй ОИИББнын башчылары катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ