Menu

Катуу ысыкка байланыштуу Юлдуз Усманованын концерттери болбой калды

Бөлүшүү:

Өзбек ырчысы Юлдуз Усманова менен белгилүү куудул Обид Асомовдун биргелешкен турнеси убактылуу токтотулду. Мындан тышкары Усманованын Наманган жана Бекабад шаарындагы концерттери кийинкиге жылдырылды.

Усманованын өкүлдөрү буга чейин өткөн концерттерде бир нече киши ысыктан эсин жоготуп, ооруканага жаткырылганын билдиришти. Буга байланыштуу уюштуруучулар иш-чараны убактылуу токтотууга аргасыз болушкан. 22-июлда Юлдуз Усманованын концертине билет сатып алган намангандыктар болсо акчаларын кайтарып ала албай жатышканына нааразы.

«Акыркы айларда Юлдуз Усманованын концертин үзгүлтүксүз жарнамалашты. Бирок 22-июлга белгиленген концерт белгисиз себептерден улам болгон жок. Усманова намангандыктарды алдап, билеттин акчасын кайтарып берген жок. Концерт көрүүгө келген улгайган аялдар жана балдар 40-45 градус ысыкта турушуп, убактыларын текке коротушту. Биз Юлдуз Усмановадан акчабызды кайтарып берүүсүн жана кечирим суроосун талап кылабыз», – деп айтылат намангандык жашоочулардын “Азаттыктын” өзбек кызматына жолдогон катында.

Өзбекстан Эл артисти Юлдуз Усманованын өлкө боюнча турнеси 8-июлда башталган.

«Өзбекконцерт» бирикемеси Юлдуз Усманованын концерти өлкөдө бир айдан бери өтө катуу ысык болуп жатканына байланыштуу токтотулганын тастыктады.

Юлдуз Усманованын Наманган жана Бекабаддагы концертери 2-3 сентябрга жылдырылды. Уюштуруучулар каалоочулар билеттин акчасын кайтарып алса болорун же ошол билеттер менен эле сентябрда концерт көрө алышарын билдиришүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: