Menu

Видео – Тажикстандык аял баласынын денесине ийне киргизгенин четке кагууда

Бөлүшүү:

Дарыгерлер денесинен 10 ийне тапкан наристенин апасы баласына атайылап ийне сайгандыгы боюнча айыптоолорду четке какты. Мухайё Каримова буга чейин күнөөнү моюнуна алган көрсөтмөлөр тергөөчүлөрдүн басымы алдында алынганын билдирди.

«Алар мени коркутуп, күнөөнү моюнга алдырышты. Мен аны күйөөм үчүн кылгандыгым тууралуу айтылгандардын бардыгы жалган. Кантип эле өз уулумдун денесине ийне киргизмек элем? Биз ал баланы алты жыл күткөнбүз», — деди тогуз айлык Мадассир Каримовдун апасы Мухайё Каримова.

7-июлда тажик ИИМи Рудаки районунун 26 жаштагы тургуну Орусияда иштеп жүргөн күйөөсүн мекенине кайтаруу максатында баласынын денесине 10 ийне киргизгенин билдирген.

Мухайё Каримова Орусияда иштеп жүргөн күйөөсүн кайтарууга зарылдык жок экенин айтууда. «Ал жылына болгону бир нече айга барып иштеп келет. Орусияда жүргөндө ал мага күн сайын телефон чалып турат», — деди ал.

Мухайё Каримова ага каршы “Адам өмүрүнө оор зыян келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын ырастады. Тергөө маалында анын уулунун жанында болушуна уруксат берилген. Ал ийнелер баласынын денесине кандай жол менен киргенин билбей турганын айтууда.

Бирок райондук прокуратурадан сурак маалында аялга басым болгонун четке кагышты. «Аны эч ким мажбурлаган жок, кылмыш кылганын өзү моюнуна алды», — деп билдиришти мекемеден.

Июлдун башында Улуттук медициналык борбордун дарыгерлери тогуз айлык наристенин денесинен 10 ийне табылганын билдиришкен. Анда медиктер бала аларды өзү жутуп алмак эместигин айтышкан. Рентген аркылуу текшерүүнүн жыйынтыгында ийнелер наристенин баш сөөгүндө, мурдунун төмөнкү бөлүгүндө, буттарында, моюнунда, төш клеткасында жана башка жерлеринде экени аныкталган. Айрым ийнелер денеге терең кирип кеткендиктен, алгачкы операцияда 6 гана ийнени алып чыгууга мүмкүн болуп, дагы төртөө баланын денесинде калган. Дарыгерлердин айтымдарында, ийнелер наристенин денесинде бери дегенде үч айдан бери жүргөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: