Өткөн сутка ичинде катталган өрт кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгүн куураган чөптөрдүн жана бак-дарактардын өрттөнүшү түзгөн. Бул туралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Кечээ, 23-июль күнү кечки саат 17:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Акман тилкесинде ачык аянтта 50 га куураган чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМ №76-Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана №65-Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 18:00дө чектөөгө алынып, саат 18:46да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Ошондой эле, кечээ, 23-июль күнү саат 19:20 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунун Пригородный айылындагы ачык аянтта 3 түп дарак күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №23-Аскерлештирилген өрт –куткауу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 19:20да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ