Menu

«Кыргыз Республикасынын аймагында Уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» Өкмөттүн токтом долбоору тууралу

Бөлүшүү:

«Кыргыз Республикасынын аймагында Уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөнкүлөрдү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын аймагында Уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору Кыргыз Республикасынын «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-1-беренесин аткаруу үчүн иштелип чыккан, ага ылайык уюлдук байланыш жабдууларынын бардык эл аралык идентификаторлору Мамлекеттик идентификациялоо тутумунун маалыматтар базасына киргизилиши керек.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык «Кыргыз Республикасынын аймагында Уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына 2018-жылдын 4-июлунда коомдук талкууга коюлган.

Муну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ишкер чөйрөсүнүн, жарандык тармактын өкүлдөрү бир айдын ичинде «Кыргыз Республикасынын аймагында Уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине өздөрүнүн сунуштары жана эскертүүлөрү менен кайрыла алышат.

Иштеп чыгуучу орган бардык сунуштарды жана эскертүүлөрдү жалпылап, аларды эске алуу же четке кагуу боюнча ар бир чечимди негиздөө менен иш жүргүзүүсү керек. Мындан соң гана көрсөтүлгөн токтом долбоору министрликтерден жана ведомстволордон макулдашуудан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кароого киргизилет.

Ошондой эле белгилей кетсек, эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына дал келбесе, аймактык бүтүндүгүнө жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян алып келсе, өлкөдө бизнес жүргүзүү шарттарын начарлатса, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кол коюуга киргизилген долбоорду четке кагуу укугуна ээ.

Ошентип, учурда иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын аймагында Уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына туураланган түрдө киргизилет же таптакыр четке кагылат.

Кандай болгон шартта дагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри акыркы чечимди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын  улуттук кызыкчылыктарын жана карапайым жарандарынын кызыкчылыктарын жетекчиликке алат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: