Menu

Чек арадан чөнтөк телефон алып өткөндөрдөн 100 сомдон алуу сунушталууда

Бөлүшүү:

Кыргызстанда чет жактан ташылып келүүчү чөнтөк телефондордун ар бирине чек арадан 100 сомдон төлөм алуу каралууда. Бул тууралуу 24-июлда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чара Жогорку Кеңеш 2013-жылы кабыл алган чечимди ишке ашыруу максатында көрүлгөнү жатат, бирок акыркы чечим кабыл алына элек, азыр талкуу жүрүп жаткан чагы.

“Ал акчаны катардагы абоненттер эмес, телефондорду Кыргызстанда сатуу үчүн ташып келип жаткан компаниялар төлөйт” деди Шаршембиев:

– Бул биздин жарандарыбызга тиешелүү эмес. Жаңы мобилдик аппараттар чек арадан өтүп жатканда алып келаткан фирмалар каттоодон өткөрүп киргизишет. Фирма төлөйт. Эч кандай кызыкчылык жок. Аткезчиликке мүмкүнчүлүк берилбеш үчүн гана жасалууда. Телефондордун баасы көтөрүлбөйт. Арзандашы мүмкүн, бирок кымбаттабайт. Сумма Экономика министрлигинин эң төмөнкү көрсөткүчүнүн негизинде аныкталды.

Ал эми телефонду жеке колдонуу үчүн чет мамлекеттен сатып алып келаткандар, Шаршембиев белгилегендей, аппаратын он-лайн каттоо аркылуу өткөрүп алса жетиштүү болот.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: