Menu

Тажикстан беш жашар кызды өлтүргөн кылмышкерди катуу жазалоону талап кылууда

Бөлүшүү:

Хувайдо Тиллозода.

Орусиянын Серпухово шаарында беш жашар Хувайдо Тиллозоданын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу Тажикстан Орусияга  нааразылык нотасын жөнөттү.

Тажикстан ТИМи Орусиянын тиешелүү органдарынан наристенин өлүмүн кылдат иликтөөнү жана кылмышкерди катуу жазалоону талап кылууда.

Орусиялык ММКлардын маалыматы боюнча беш жаштагы Хувайдо 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жаткан маалда жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү темир жолдун жээгиндеги спорттук баштыктан табылган. Соттук-медициналык экспертизада кыз зордукталып, андан кийин бычак менен сайылып өлтүрүлгөнү аныкталган.

​ Тергөө комитетинин Москва облустук башкармалыгы кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү жашоочу, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалганын билдирди. Анын үйүндө кыздын бут кийиминин жана манжаларынын издери табылган.

Маркумдун атасы Абдусалом Саидов өзү дүкөнгө кетип, аялы кичүү кызын кароо менен алектенип жаткан маалда Хувайдону уурдап кетишкенин билдирди. “Кечки саат беш болуп калган. Кызымды 5-10 мүнөттүн ортосунда эле уурдап кетишти. Анын сөөгү танкы саат төрттө табылды ”,- деди Абдусалом Саидов.

Бул арада Орусиядагы Тажикстан элчилиги учурда Хувайдонун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн документтер даярдалып жатканын кабарлады.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: