Ашхабадда өсүмдүк майы тартыш болууда. Буга байланыштуу дүкөндөрдөгү ири кезек учурунда уруш-талаш жаралууда.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, Ашхабадда “Ахал” өсүмдүк майы бир кишиге бир бөтөлкөдөн ашык сатылган жок. Буга байланыштуу шаар тургундары түнкүсүн кезекке турууга мажбур. Бирок таң ата дүкөн ачылары менен кишилердин ортосунда жаңжал чыгууда.
“Үйдө карай турган эч ким жок болгондуктан, айрым апалар кичинекей балдарын ээрчитип келишет. Алар кезекте туруп ыйлашат, ысыктан улам өзүн начар сезгендер да болот”, – деп билдирди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.
Дүкөн алдындагы кезектерге полиция кызматкерлери байкоо салып турушат. Бирок алар болгону бул көрүнүштөрдү сүрөткө тартууга тыюу салуу чаралары менен гана чектелишет.
Ашхабадда бул товарга карата каатчылыкты өсүмдүк майын чыгарган ишкана жумушун токтоткону менен байланыштырышууда.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ