Menu

Кереметтин баары ручкенин учунда

Бөлүшүү:

Чоң кызматтагы “чаар баш” жетекчилерди иштен кетирүүнүн бир эле ыкчам жолу бар. Бул президенттин же өкмөт башчынын ручкесинин керемети десек болот. Анда эмесе бир кызыктай болгон ишти мисалга тарта кетели. Убагында Оштун мэри Мелис Мырзакматовду бийлик башчылары иштен кетире албай кыйла кызаңдашкан. Ал эргул такка чала отурган Роза Отунбаеваны таптакыр тоотпой, каакым ордуна көрбөй, мурдун далай көтөргөн. Ошол “баатырдыгын” тимеле көкөлөтүп, арстан, жолборс, кара дөө дешип жойпулангандар деле арбып кеткен. Ал тургай Алмаз Атамбаевге кыр көрсөтүп, менин колдоочуларым турганда бир тал чачыма доо келтире албайсыңар дегендей түр көрсөткөн.

Антсе да кырдаал бышканда Премьер министирлик тизгинди Жантөрө Сатыбалдиев чойуп турганда Мелистин желин көз ачып жумгуча чыгарып коюшкан. Ручкенин учун эле жорголотуп, иштен чегиндиришкен болчу. Шайлоого келгенде эле Мырзакматовдун үйүрүндөгүлөрдүн бешөөсүн азгырышып, марага Айтмамат Кадырбаев байгелүү келген. Ошондо гана Мелис утулганын, душманды алыстан издөөнүн кереги жогун ачык сезген. Элдин “ысылыгын” көтөрбөй туура кылган. Андан бери кыйла мезгил өттү. Азыр Мырзакматовду эстеген эч ким жок. Анткени турмуштун арабасын кылдыраткандар жаңы башчылардын жетегинде боло беришээри турган иш. Демек, шайлоо болордун алдында эле баягыл Мелисти айрымдар эстеп калышат, чиркин. Болбосо ал жоргосу алчактап, ити устукан аймап турганда кандай даражага ээ болгонун унута электирбиз?

Бүгүн деле кудум ошондой оюндар жүз берип жаткан кербези. Бишкектин мэри Албек Ибраимовду темир тор артына тыгар замат өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин ручкеси койколоңдой түштү. Туурасын айтканда мэрди кызматтан сүрүп түшүргөн мөөрүн басты. Албетте, эми мэр болууга белсенгендер эпчилдерди кудалыкка жөнөтүшөт.Антпесе өз киши кызматтын чылбырын кармай албай калаары белгилүү. Буйруса, аман болсок ким Бишкекти чарк айлантууга келерин өз көзүбүз менен көрөбүз. Атаандаштар чыкса деле жетекке көндүм болгон депутаттар ышкырык чыккан тараптын мүдөөсүн оңой эле аткарып берет. Буга эч тайсалдабай эле ишенип койсоңор болот. Ал эми накта жарактуулар борттон алыс калышат. Турмуш деген ушунусу менен оригиналдуу…

Булак: Ачык сөз

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: