Menu

Коррупциянын дареги — ​Кадамжай

Бөлүшүү:

Азыркы учурда президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшү кагаз жүзүндө же декларация түрүндө гана калбастан чечкиндүү жүргүзүлүп жатышы карапайым элдин калың катмарынын колдоп кубаттоосуна ээ болууда. Чындыгында мамлекеттин эсебинен жеп-ичишкен жетекчилер, депутаттар ким гана болбосун жегенин кусуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Бул багытта мамлекет башчысы эгерде уурулукка же жемкорлукка барса өзүнүн жакындарын, туугандарын да аябай турганын кайра-кайра белгиледи. Эгерде миллиондорду сугунуп ийишкен олигархтардын жегендерин кайра өндүрүп алсак республикабыздын карызынан бат эле кутулар элек. Эми коррупцияга каршы күрөш жалаң гана Бишкектин айлана-тегерегинде эмес алыскы аймактарда да кеңири жайылтылса оң болот. Мына биздин райондо чалкыган Бүргөндү өрөөнү бар. Анын өздөштүрүлө баштаганына кырк жылдан ашып кетти. Жаңыдан айыл-кыштактар пайда болуп, калктын саны өсүп барат.

Илгери камгак менен кескелдириктер мекендеген бул аймак аскерий полигон болгон экен. Анан акырындап дың жерчилер келишип, Матек Коешов атындагы магистралдык канал курулуп өздөштүрүлө баштады. Бул өрөөндүн бир ныптасында Өзбекстандын Рыштан району менен чектешкен Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас кыштагы бар. Илгери бул жерде куруучулардын механикалаштырылган көчмө колоннасы, соода түйүндөрү, таяныч пункту бар эле. Мурда баарыбыз бир мамлекет болгондуктан кеңирсиген бул өрөөндөгү мунай жана жаратылыш газы чыккан жерлерди боордош Өзбекстан республикасы пайдаланып келген. Аларга караштуу бир топ эл чарба обьектилери бар болчу. Маселен Орто Азияга белгилүү «Урсатьевск-Хаваст-Фергана» газ магистралы Ак-Турпак жана Кыргыз-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн аймагын аралай өткөн.

Эми улуу Союздун урашы, жергебизге эгемендүүлүктүн келиши менен алгач мамлекетибизде баш-аламандыктар, көптөгөн жылдар бою кашыктап жыйылган мүлктү талап-тоноолор башталды. Маселен, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн суу боюндагы же Сох дарыясынын жээгиндеги айылдарга 17 чакырым таза суу ушундай кошуналардын газ түтүктөрүн өзүм билемдик менен басмачылардай ээлеп, мыйзамсыз казып алуу менен жүргүзүлгөн. Ал эми Кайтпас кыштагындагы бизге караштуу «Түмөнбай» дыйкан чарбасынын жана башка айыл чарба субьектилеринин, үлүш жерлердин ичинде жайгашкан 25 чакырымдай газ түтүктөрү өзүм билемдик менен казылып уурдалып кетти. Айрым райондук жана жергиликтүү атка минерлер Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 2014-жылдын 21-апрелиндеги 9–15 токтомунда баса көрсөтүлгөн жер астындагы Союз маалында калып кеткен газ түтүктөрү айылдык Кеңештин депутаттарынын чечимисиз сатылбасын жана эч кимге берилбесин деген көрсөтмөсү таптакыр аткарылган жок.

Тескерисинче ар кандай деңгээлде коррупциялык схемалар түзүлүп миллиондогон долларлык түтүктөр уурдалып жок болду. Бул маселе боюнча жергиликтүү активисттер Баткен облусунун прокурору Анарбай Кубатидинович Мамажакыповго 2018-жылдын 9-июлунда кайрылдык. Бирок андан натыйжа чыккан жок. Газ түтүктөрүн Кайтпас айылынын ПМК участкасынын тургундары Р. Кудайбердиев менен эсепчи С. Коймуратовдор сатып жеп кантын урушкан.

Жемкорлуктун бул фактыларын терең жана ар тараптан иликтеп тиешелүү чара көрүүнүн ордуна Кыргыз республикасынын өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусу боюнча тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Н. Жаныбеков мырза 2017-жылдын 18-июнунда арызыбыздын негизинде топтолгон материалды карап чыгып Кыргыз республикасынын ЖПКнын 28-берене, 1-бөлүм 2-пунктун жетекчиликке алып кылмыш ишин козгоодон баш тарткандыгын билдирген. Токтом менен таанышканыбызда 2015-жылдын 3-февралында «Интергаз» ЖЧКнан № 03 келишиминин негизинде «Крейтинг Бизнес Девелонинг» ЖЧКму Кадамжай районунун Ак-Турпак жана Кыргыз-Кыштак айылдарын кесип өткөн «Урсатьевск-Хаваст-Фергана» газ түтүктөрүн сатып алып, казуу иштерин жүргүзүп келгенин белгилеген. Жогоруда аталган ЖЧК Дн‑530х8мм газ трубаларын сатып алып өз күчү менен казып алууга макулдашылган экен. Ал эми 2015-жылдын 2-июлундагы Баткен облусунун райондор аралык сотунун № ад124–2015-мб сандуу чечиминин негизинде Кадамжай райондук САКБнун соттук аткаруучусу М. Ахмедовдун 2015-жылдын 26-октябрында мажбурлап аткаруу чараларын өткөрүү жөнүндөгү токтому кабыл алынган. Бизде ушул токтом шектенүүлөрдү пайда кылууда. Башка бир мамлекеттин мүлкүн казып алууга кандай сот чечим чыгара алат? Бул мыйзамга ылайыктуу көрүнүш эмес го! Ушул жагдайларды кайрадан карап чыгып 25 чакырымдай газ түтүктөрүнүн кайда кеткенин аныктоо зарыл. Алардын сатылып кеткенин тактап, жоопкер адамдарга кылмыш иштери козголуп жазаларын алуусун талап кылабыз. Эгерде ушинтип жетекчилерибиз ак, таза иштөөнүн ордуна ар кандай мүлктү талап-тоноп жеп-ичип унчукпастан жүрө беришсе коррупцияга каршы кайдан күрөш жүрсүн? Биздин жана жергиликтүү тургундардын жүрөгүн өйүгөн ушул маселелер боюнча газета аркалуу өлкөбүздүн жетекчилигине кайрылууну туура таптык.

Токторбай Мадаминов, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын Кадамжай районундагы өкүлү.

Азимжан Эргашев, Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты, «Түмөнбай» дыйкан чарбасынын башчысы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: