Menu

Туй байке Канат Исаевдин бошонгонуна эмнеге ызырынат?

Бөлүшүү:

Мурунку сандарда: “Туй байке Сокенин ишениминен чыктыбы?”- деген чакан маалыматта мындай деп жазганбыз: “бийлик тараптан Чүйдү кармап туруу үчүн Канатбек Исаевди бошотуу планы бар экенин эшиттик. Жакында, Канат Исаев Токмоктун мэри кезиндеги кылмыш иши боюнча акталды. Мамлекеттик төңкөрүш боюнча Атамбаев камакка алса, аны Жээнбековдун бийлиги калыстык үчүн карап, азаттык берип койсо эле болду да… Канат бийликти колдоп, жаштыгына, курчтугуна салып АШАга точно туруштук бере алат”.

Биздин жазганыбыз туура чыгып, Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды. Ошондон бери Чүй губернатор Туй байкенин сиркеси суу көтөрбөй, кабылдамасына келгендерди кагып-силкип, “керек болсо Чүйдү мен башкарып жатам, мен лидермин”- деп опурулганын айтып келишти. “Кайрадан чоң кызмат алыш үчүн жаңы жомок ойлоп таап деле убара болгон жокмун, АШАнын диагнозу тууралуу мурда айтканымды эле кайра ары-бери сайттарга салдыра коюп, жаңы бийликке жагындым”- деп төш койгулап, Жээнбековдун жан досу катары өзүн эр санаган адамдан дайын жок. Быкыйы таштай катыганы ушул – президенттик жарышта өз айылынан Бабановго утулган Туй байке айылына барып, мыйзамдуу суроолорго жооп бере албай, “бирден, жекеме-жеке чыккыла”- деп жулунганы соцтармакта кызуу талкууга алынып жатат. Эми жаңы сөз чыгарыптыр, “ии, Жээнбеков эр болсо мени жумуштан ала алат бекен, Атамбаев дагы да досум, бириксек, мало не покажется”,- деп сөз агытканын биз уккан жокпуз, эл айтып атат. Чүйдөгү кадыр-барктуу адамдардын бири айтты: “келсинчи, тоокканага айдап киребиз”- деп. Кимисине ишенебиз?! Туй байке ардактуу эс алууга эле жан соогалап кете берсе болмок.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: