Menu

Жээнбеков жана революция: Экөө эки башка командабы?

Бөлүшүү:

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Маселенин чечилишин баарыбыз талап кылышыбыз керек”

– Ал жерде көп маселелер көтөрүлдү. Экология, религия, балдардын, аялдардын, жалпы адам укуктары, коррупция менен күрөш, жер коррупциясы жана негизги тема катары соттук-укуктук реформа. Президент жана анын жардамчылары баарын жазып алышты. Кээ бир маселелерди чечебиз десе, кээ бирлерин “чече албайбыз” деп президент ачык айтты. Экология, дин жана балдардын маселелери боюнча маселе көтөргөн адамдарды кабыл алаарын, кененирээк сүйлөшөөрүн билдирди. Ал эми соттук-укуктук маселелер боюнча реформа жасаарын кайра кайра басып айтты. Тамерлан Ибраимовду, мени реформаларга жардам берүүгө чакырды. Бардык маселелер чечилет, ишке ашат деп айта албайм. Себеби ар кандай кыйынчылыктар бар. Бирок биз маселени, менимче баарыбыз талап кылышыбыз керек. Ал сот-укуктук реформасы. Бул реформалар элдин турмушуна мультипликативдуу позитивдүү эффект бере турган негизги реформалар болуп эсептелет. Күтө туралы. Бир аз убакыт берели.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Кеп жарандык коомдо эмес, жыйынтык чыгарган президентте”

– Дайыма жаңы президент келгенде, элде жаңы үмүт жаралат. Биз дагы дайыма жаңы шайланган президентке, ал Курманбек Бакиев болобу же Алмазбек Атамбаев болобу, баардыгына ийгилик каалап, жакшы сөздөрдү аяган эмеспиз. Сооронбай Жээнбековго мен «сиз шайлангандан бери колдоочулардын санын эки эсе эмес, үч эсе көбөйтө алдыңыз, мандатыңыз бекем, ишенимди актаңыз. Бүгүн бизден жардам сурап, кызматташууга чакырдыңыз. Биз кызматташууга барчудай чет өлкөлүк тарап же байкоочу эмеспиз, жетекчилик кылыңыз, элибизге ошол жетишпейт, жол көрсөтүңүз, туура жолдо биз, оор жүктү көтөрүшүп кызматташууга эмес, кызмат кылууга милдеттүүбүз» деп кайрылдым.

Ошол эле учурда мен дайым айтып келем «жарандык коом, жарандык коом» деп олуя кылчу бизде күч жок, алардан бир сыйкырды күтүү кереги жок. Биздин тагдыр мамлекет жетекчилигинин колунда. Ага ийгилик каалайлы. Касташууга эч кандай негиз жок. Суроолордун көбүнчөсүн өз убагында чечсе болот. Мен, бирок, дагы бир жолу эскертем. Биз Бакиевди да, Атамбаевди да куттуктаганбыз. Кеп президентибизде. Биз го калабыз. Ошол киши кайсы жолду тандайт, кандай сабак чыгарат – кеп ошондо!

Темир Бирназаров, режиссёр: “Президент жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, Жалпы элдин колдоосуна муктаж болуп турат”

– Ошол сөздөрдүн ишке ашышы, жеке эле президентке эмес, ошол жолугушууга катышкан жарандардын, негизи эле жалпы коомчулуктун мамилесине байланыштуу. Качан жалпы коомчулук, өлкөнү өнүктүрбөй артка тартып жаткан терс көрүнүштөргө күрөшө баштаганда мамлекет оңолот. Президент Жээнбеков, учурда жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, жалпы элдин колдоосуна муктаж болуп турат. Өлкөбүздүн өсүшүнө кайыл болбосок, баарыбыз тең колдоо көрсөтүүгө милдеттүүбүз деп эсептейм. Бул биздин өлкөбүз. Балдарыбыздын өлкөсү.

Асия Сасыкбаева, экс-депутат: “Чечебиз деп убада берген маселелерди президент өзү көзөмөлгө алышы керек”

– Ишке ашырыш үчүн айтылган жана чечебиз деп убада берген маселелерди президент өзү көзөмөлгө алышы керек. Антпесе тапшырма аткаруучулар мурункудай эле сөз бойдон калтырууга алып келиши мүмкүн. Мындай мамилелерди 28 жылдан бери көрүп келебиз. Аткаруу институтубуз абдан начар, ошондуктан көп учурларда элдин нааразычылыгын жаратууда. Эгерде президент чын ниети менен жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, болгон маселелерди өзү дагы бир жолу тактап эми иштейли десе, жарандык коомдун колдоосун табат. Мурунку президенттерибиз деле жолугушкан, угушкан, жазып алып убада беришкен. Бирок, ал кур сөз бойдон калып, эки революцияга алып келген. Көрө жатаарбыз. Бирок убакыт бат эле өтөт. Шашпаса кечигет. Мына, прогрессивдүү жолго өткөн президенттер кыска мөөнөттө чоң иштерди жасап коюшту, мисалы Өзбекстан, Грузия, Армения. Биз болсо бир кадам алдыга, бирок эки кадам артка жазап жатабыз. Эмдигиче саясий кугунтуктарды чыгара элекпиз. Сотторго кийлигишпейм дегени бул жөн эле шылтоо. Баардыгыбыз түшүнүп, билип деле турабыз. Бирок президенттин эрки жетпегенин көрдүк. Кыргызстан чоң өлкө эмес. Ар бир саясатчынын кадамын билебиз, айтылган сөздөр да жетип турат. Айла жок, күтүшүбүз керек!

Клара Сооронкулова, экс-судья: “Натыйжа чыкканда көрөрбүз”

– 2012-жылы мартта мындан да кеңири, мындан да мыкты Атамбаевдин жарандык коом менен эки күндүк маеги өтүп, жарандык коомдун сунуштары менен килтейген жарлыктар чыккан. Тилекке каршы, бирөө да ишке ашкан жок. Жарандык коомго жагынуу аракети үчүн президентке алкыш, калганын натыйжа чыкканда көрөрбүз.

Тимур Саралаев, активист: “Жарандык коом менен президенттин жолугушуусу негизинен жыйынтыктарын бериш керек”

– Жарандык коом менен президенттин жолугушуусу негизинен жыйынтыктарын бериш керек деп ойлойм. Анткени, жолугушуу формалдуу болгон жок, пландалган 2 саат убакыттан тышкары дагы кошумча 2 саат пикир алмашуу болду. Жолугушуунун айрым катышуучуларына президент өзүнчө жолугалы деп айтып да калды. Көтөрүлгөн айрым көйгөйлөрдү чечүү жолдорун чогуу издейли деген сунуштар президенттин өзүнөн чыгып жатты. “Сөздөн ишке өтсөк” деген маанай пайда болду. Менимче бул дем сакталып кала турган болсо, анда четинен маселелер чечиле башташ керек. Ал эми калганын убакыт көрсөтөт.

Серен Шейшенов, активист: “Жакшы кадам, бирок жыйынтыгы башка кеп”

– Убакыт көргөзөт, менин оюмча бул иш-чара абдан туура кадам бийлик башы жагынан, бирок канчалык деңгээлде жыйынтыгын берет, ал башка кеп.

Адил Турдукулов, журналист: “Президент ар бир айтылган сөзгө, сын-пикирге дагы жооп берүүгө аракет кылды”

– Тандалма, «дежур» эксперттерди, бийликке «хоп-майли» деген гана активисттерди чакырбай, сын айткан, көйгөйлүү маселелерди көтөргөн адамдарды чакырганы – албетте, жакшы нерсе. Эркин ою бар, эч кимден тайманбаган көптөгөн инсандар катышты. «Бул сүйлөсүн, тигил сүйлөбөсүн» деген да көрүнүш болгон жок. Керек болсо айрым учурда кайым айтышуу да болуп кетип жатты. Бирок Сооронбай Жээнбееков кандайдыр агрессиясын билдирген жок. Кээде тамашалап, сынга да жооп берип, чынында эле кызматташууга даяр экенин көрсөтө алды.

Жолугушууда Кыргыз мамлекетинде кандай көйгөлөр болсо ошонун негизгилеринин баарысы айтылды деген ойдомун. Ал жерде бир гана жарандык активисттер эмес, эксперттер, маданий ишмерлер катышты. Ошондуктан ар кыл ойлор айтылды. Катышуучулар өзүнүн ойлогон маселелерин президентке жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Президент ар бир айтылган сөзгө, сын-пикирге дагы жооп берүүгө аракет кылды. Айтылган маселелерди жазып алып көз жаздымда калбаарына ишендирди. Бир эле формалдуу жолугушуу өттү деген сөз калбасын деп системдик түрдө жолугушуу болуп турсун деген каалоолор айтылды. Эки саатка пландалган чогулуш 4 саатка чейин созулду. Президент өлкөнүн өнүгүсүү жарандык коом менен өнөктөштүктө, кызматташтыкта болгондо боло турганын айтты. Мында атайын эрте даярдалган тандалма суроо болгон жок. Ар ким каалагандай пикирин айтты.

Чынайым Кутманалиева

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: