Menu

Орусияда өлтүрүлгөн кыздын сөөгү Душанбеге жеткирилди

Бөлүшүү:

Орусиянын Серпухово шаарында өлтүрүлгөн беш жашар Хувайдо Тиллозоданын сөөгү 25-июль күнү эртең менен Душанбеге жеткирилди.

Наристе 22-июлда жергиликтүү жашоочу тарабынан зордукталган жана өлтүрүлгөн. Анын сөөгү 23-июлда Серпуховодогу темир жол станциясынын жанында спорттук баштыктан табылган.

Хувайдонун сөөгүн ата-энеси, Тажикстан Эмгек, миграция, иш менен камсыздоо министрлигинин өкулдөрү коштоп келишти.

Хувайдонун атасы Абдусалом Саидов бир жумадан кийин Орусияга кайтып келерин, кызын өлтүргөн кишинин оор жазага тартылышын талап кыларын билдирди. “Мен киши өлтүргүчтүн көзүнө тик карагым келди, бирок уруксат беришкен жок”, – деди ал.

Буга чейин маркумдун атасы Абдусалом Саидов өзү дүкөнгө кетип, аялы кичүү кызын кароо менен алектенип жаткан маалда Хувайдону уурдап кетишкенин билдирген. “Кечки саат беш болуп калган. Кызымды 5-10 мүнөттүн ортосунда эле уурдап кетишти. Анын сөөгү танкы саат төрттө табылды ”,- деген Абдусалом Саидов.

Орусиянын Серпухово шаарында беш жашар Хувайдо Тиллозоданын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу 24-июлда Тажикстан Орусияга нааразылык нотасын жөнөткөн. Тажикстан ТИМи Орусиянын тиешелүү органдарынан наристенин өлүмүн кылдат иликтөөнү жана кылмышкерди катуу жазалоону талап кылган.

​Тергөө комитетинин Москва облустук башкармалыгы кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү жашоочу, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалганын маалымдаган. Анын үйүндө кыздын бут кийиминин жана манжаларынын издери табылган.

Хувайдо Тиллозода. Фото из семейного альбома

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: