Menu

Дональд Трамп: Орусия ноябрда демократтарды колдойт

Бөлүшүү:

АКШ президенти Трамп ноябрда Конгрессте өтүүчү шайлоонун жыйынтыктарына Орусия таасир этүүсү мүмкүн деп кооптонуп жатканын билдирди.

Дональд Трамп шейшебиде Твиттерге Орусия республикачыларга эмес, демократтарга жардам берерин жазды. “Себеби бир дагы президент мен сыяктуу Орусияга карата катаал саясат жүргүзгөн жок”, – деген Трамп.

АКШда Трамптын сынчылары аны Американын инфраструктуралык объектилерине, шайлоо системаларына карата Орусиянын ыктымал киберчабуулдарын ачык сындаган жок деп айыптап келишет. Кошмо Штаттардын президенти болсо жогорудагы фразасы аларга каршы башкы аргумент катары колдонууда.

Трамп орусиялык олигархтарга каршы киргизилген санкцияларды, Англиядагы химиялык чабуулга жооп иретинде ондогон орус дипломаттарынын өлкөдөн чыгарылышын мисал келтирип келет. Ошол эле маалда ал бул чаралардын баарына каршы болгонун, Конгресстеги оппозиция жана алардын каалоолоруна каршы чыга албаганын белгилеген. Трамп Орусиядан көп сандагы америкалык дипломаттардын чыгарылганы үчүн Путинге ыраазычылык айтып, “бул америкалык салык төлөөчүлөрдүн каражатын үнөмдөөгө алып келерин” белгилеген.

Дональд Трамп Орусия менен кызматташуу АКШга чоң пайда алып келет деп эсептейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: