Ташкент мэриясы өткөн жумада Grand Mir Hotel мейманканасынын алдына орнотулган мунараны алып салды. Мындай чечим анын плагиат экендигине байланыштуу кабыл алынган.
2001-жылы 11-сентябрда АКШда болгон теракттын курмандыктарын эскерүү үчүн тургузулган Нью-Йорктогу мемориалдын көчүрмөсүнүн Ташкенттин борборунда пайда болушу социалдык түйүн колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан.
Активисттер Ташкент мэриясын плагиаттыкка айыптагандан кийин 24-июлда Grand Mir Hotel мейманканасынын алдына орнотулган сары мунараны алып салышты.
Facebook түйүнүнүн Vitaliy Khalzunov аттуу колдонуучусу Ташкенттин борборуна орнотулган мунара Нью-Йорктогу мемориалдын толук көчүрмөсү экенин жазды. «Ал эмес андагы «Time to remember» деген жазуусун дагы өзүндөй кылып көчүрүп коюшкан. Бул дизайнердин табитинин жоктугу гана эмес, бул кылмыш», – деп жазды ал.
Ташкенттик блогер Мурат Сарсенов мэрия эмне себептен шаар борборуна Нью-Йорктогу мемориалдын көчүрмөсүн орнотконун түшүндүрүп бериши керек экенин белгиледи.
Мэриянын өкүлдөрү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ