Menu

Коомдук ишмер Сабыр Муканбетов алтымыштын ашуусунда

Бөлүшүү:

Эгемендикке ээ болгон жылдардан берки соңку жаңы таарыхыбыздагы орчундуу саясый окуялардын дээрлик бардыгына тикелей катыштыгы бар коомдук-саясый ишмер Сабыр Муканбетовду тааныбаган, билбегендер чанда болсо керек. Эл козголсо артка тыгылбай, ар дайым алдынкы сапта жүрө турган жылаңач баатырларыбыздын бири Сабыр байке “алтымышка чыгыптыр” десе оозубуз ачылып эле калыптыр. Дүңкүлдөп эле арабызда, өмүр бойу жаш бойдон жүрө берчүдөй көрүппүз!

– Ассалоом алейкум Сабыр байке! Кутман курак кут болсун! Алтымыштын кырына чыкканда не көрдүңүз, аркы бети кандай экен?

– Өмүр кыска десе элес албаппыз. Алтымыш жыл кандайча, көз ачып жумганча өтүп кеткенине өзүм да таңданам. Илгери элүүлөрдөн ашкандарды картайган адамдарга кошуп жүрсөк, бүгүн өзүбүз алтымышка келип турсак да өзүбүздү жаш сезип жүрөбүз. Жаш эмес экениңди карууңдун, муундардын бошогонунан гана сезесиң. Болбосо… “жүрөк карыбайт”- деген чын тура. Алтымыш жашты бийик тоонун кыры, аркы бети ылдыйыш, акыретке кетчү, кайра артка кайтпас акыркы жол катары элестетип, “Ашуудан берген отчет” деп да жүрбөйбүзбү. Анысы чын, ары жагы ылдыйыш, кайра өйдөлөбөйсүң. Бирок тик жар, өлүм жакалаган коркунучтуу доордун башталышы дегенге мен кошулбайм. Ылдыйыш болсо эмне экен? Сноуборд тепкендей красиво сколзить этишибиз керек! Анткени артта бала бакыра карап турбайбы. Карылыктын да өзүнүн керемети бар.

– Ашуудагы отчетуңуз даярбы? Алтымыш жылдыкты кандай белгилөөнү пландап жатасыз?

– Кыргыздар алтымыш жаш, мүчөлү жыл дешкенинен, той-торопойду кийинки жылга калтырдык. Үй-бүлө, жакын жоро-жолдош менен эле, кичи мекеним Ысык-Көлдө кадимки туулган күн өтөт. Биз бала кезде туулган күн эмне экенин билбей эле, бирде эстеп, бирде унут калтырып чоңойдук. Азыр эми, баягы аш көп болсо каада көп деген заман болуп атпайбы.

Отчет демекчи, эми атак-даңктуулар отчетун бергенде жумурай журтка жайылып, дүнгүрөйт, Байдылда Сарногоевдикиндей болуп. Анан калгандары да аны туурайбыз деп отчет жазып, добулбас кагат, даңкылдатып. Бирок эл көңүл бөлбөйт, а тургай айрымдар жаман көрөт – буга эмне жок, кайсы арына… дешип. Бирок ошого карабастан, ар кимдин алтымыш жылда басып өткөн жолу, ар кимдин өзүнүн отчету бар.

Ал отчет биринчи кезекте өзүнө, өзүнүн абийирине бериле турган отчет. Бул жагынан алганда, мен өзүмдүн эки эле чакан бөлүкчөдөн турган отчетума өзүм канагаттандыраарлык деп баа коюп алгам!

Отчетумдун биринчи бөлүгү бул менин үй-бүлөөм, балдарым, неберелерим. Адамдык парзымды аткарып үйлөнүп, балалуу болдум, бак тиктим, үй салдым. Үч эркек балалуу болуп, окутуп-чокутуп, элден кем эмес бактым, тал төөндөй кылып тарбиялап, балдарымдын ийгилигине кубанып, бакытка балкып жүрөм! Беш неберенин сүйүктүү чоң атасымын. Өмүрлүк жарыма, бала-бакыра, неберелериме керекмин. Мен үчүн мындан ашкан бакыт деле жок.

Отчетумдун дагы бир бөлүгү бул албетте менин коомдук ишим. Бала кезимден эле элимдин сүйунүчүн өзүмдүн сүйүнүчүм, элимдин капачылыгын өзүмдүн капачылыгым катары кабылдап келатканым эсимде. Эл толкуп, акыйкатка, адилеттүүлүккө, эркиндикке умтулса элим менен бирге болдум. Өгөйсүнүп, “мага эмне жок” дегенсип сырттан карап туруу мен үчүн жат сезим болчу. Өзүм үчүн, өз үй-бүлөөм үчүн кандай жанталашсам, элим үчүн да, ар дайым, аянбай бой таштадым! Элимдин жакшылыкка, жаңыланууга умтулуусунан бир да ирет четте калбай, алдынкы сабында болуп, окко төшүмдү тосуп, кайраттуулуктун, эр жүрөктүүлүктүн үлгүсү болгум келди. Боло алдым! Кээде түшүнсө, кээде түшүнбөгөн элимдин кодулоосуна, келекөөлөсүнө да туш болдум, жумуртка менен сокку жедим. Бирок артка кайткан жокмун. Бирөөнү алдап, бирөөнүн ырыскысын жеп жексурун болбодум. Азыткылар болду, бирок ач көздүккө алдырган жокмун.  Бийлик, байлык үчүн абийримди саткан жокмун. Азыр мына абийирим таза, жүзүм жарык, уйкум тынч! Бактылуумун! Мына ушу, менин отчетум.

Аты – Сабыр, кайманасы – “карышкыр”

Кыргызстандын жаны тарыхында демократия жана эгемендик үчүн батыл күрөшкөн таланттуу калемгерлердин бири, мен билгенден, – Сабыр Муканбетов. Ал 1990-жылдардын башында кыргыз жаштарынын “Ашар” козголоңун жана Кыргызстан Демократиялык Кыймылын (КДК) түптөөдө белсемдүү катышканы эсимде. Кийин ал К.Бакиевдин бийлигине каршы уюшулган “Акыйкаттык үчүн”, “Коомдук парламент”, “Бириккен Элдик Кыймыл” деп аталган оппозициячыл түзүмдөргө да мүчө болду, ар кандай саясий жыйындарга, митингдерге, жүрүштөргө жан дили, чын пейили менен аралашты. Аты Сабыр болгону менен, денеси, турган турпаты балбан, мүнөзү, ою, көз карашы бекем, тайманбас болгондуктан “Карышкыр” аталып жүрдү. Ошол убакта мен аны менен далай ирет чогуу болуп, пикир алмаштым. Кайчы пикирде, кер-мур мамиледе эч убак болгон жокпуз.

Мен анын 2010-жылдан кийинки жолуна, жасаган иштерине да байма-бай көз салып жүрөм. Ал эки багытта – улуттук телерадио корпорациянын коомдук байкоочулук кеңешинде мүчө катары жана эркин басма сөздө баяндамачы, маекчи, жаратман (автор) сыпатында мурдагыдай эле мыкты касиеттерин көрсөтүп, “карышкырлыгын” жоготпой келатканы, айрыкча, акыркы жылдары “Майдан” газетасына үзбөй жарыялап жаткан материалдары кубандырат.

Сабыр балбандын 60 жашка толушун чын дилимден куттуктап, ага чын ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык жаңы табылгаларды каалайм. “Карышкыр” сыпатыңды эч жоготпо Сабыр!

Абдыганы Эркебаев 

Жүрөгү кыргыз деп согот!

Ар дайым элдин алдына суурулуп чыгып, көкүрөгүн чындык үчүн тосуп жүрсө, Сабырды мен жаш деп жүрө берипмин. Эми ошол Кыргызстан үчүн тээ 91-жылкы демократиялык процесттерден бери дем албай, күйүп-бышып келаткан Сабырды 60ка келди десе, бир чети ишенбей, бир чети таң калат экенсиң. Анткени, бул адамдай биз бардыгына жетише албайбыз, ар дайым эле эмне болсо “Сабырдан уктук” – деп калабыз. Алтургай, курч ойлорун шилтей салып, гезит-журналдардан чыгып калат. Мен билем, Сабырдын жүрөгү ар дайым кыргыз деп согот! Элдин таламын талашып жүргөнүнө 25 жылдан ашып калыптыр, бирок, анын бир жерден бир нерсени жулуп алайын деп жулунганын түк көргөн эмесмин. Ар дайым тообо кылат, мүнөзү абдан калыптанган курч инсан. Сабыке, 60 жаш кутман курак кут болсун!

Темир Сариев

 Дале болсо да чындык үчүн күрөшүп келе жатат…

Мен Сабыр Муканбетовду 90-жылдардан бери билем. Анда мен ички иштер органдарында иштеп жүргөм. Ошол жылдары Жыпар Жекшеевдер менен бирге демократиялык кыймылды баштап чыккан кыргыздын биринчи патриот инсандарынын катарында болчу. Убакыт, мезгил алмашып, “ашарчылардын”, “кдк-чылардын” арасынан өз көз карашын өзгөртүп ийгендер, сатылып кеткендер көп эле болду го… Бирок, Сабыке ушул күнгө чейин өз принцибинен тайбай, дале болсо да чындык үчүн күрөшүп келе жатат. Анын журналистикадагы эмгеги да өзгөчө. Айрым журналисттерде аналитикалык өзөк жетишпейт. А Сабыке өткөн-кеткенди салыштырып, орун алган окуяларга таамай баа берип келатат. Мисалы, анын Атамбаев жөнүндө жазып жүргөндөрү мына бүгүн чекесинен далилденин келе жатпайбы. Саясатта 25 жылдан ашуун, журналистикада да жыйырма жылдай убакыттан бери өз чыйырын салып салып атып, эл тарабынан “Карышкыр” деген татыктуу наамга татыды. “Майдан” гезитинин дагы окумдуу болушуна салым кошкон, кир, ушакты жазбаган чынчыл журналист экенинен шек жок.

Туратбек Мадылбеков

Ар дайым акыйкатты сүйлөп, чындыкты бетке айтат!

Сабыр агабызды 60ка чыккан торколуу тою менен чын дилимден куттуктайм.

Сабыр Муканбетов саясатта, журналистикада, деги эле чыгармачыл чөйрөдө ордун тапкан интеллектуалдуу адамдардын бири. Ар дайым акыйкатты сүйлөп, чындыкты бетке айтат. Досум, тууганым же таанышым дебей чындыкты айткандыгы үчүн Сабыр аганын айткан сөздөрү, публикациялары, ар түрдүү маселелер боюнча ой-пикирлерин коомчулук ар дайым көнүл коюп угат жана баа берет. Демек, бул инсандын кыргыз элине, коомчулукка сиңирген эмгеги зор. Ушинтип дагы 20 жыл акыйкатка суугарылган публикацияларын чыгарып турса, Кыргызстан да ага чейин онолуп калаар деген үмүттөбүз! Сабыр агабызга узун өмүр, чын ден-соолук каалайбыз!

Камчыбек Ташиев

 Бийликтин куйруктарын жулган “жырткыч”

Кыргыз журналистикада  автор катары бир эле  “Карышкыр”  бар.

Бул мыкты деген мааниде берилген каймана ат, “эмгеги сиңген”  көк жал дегендей эле  нерсе. 90-жылдарда “ашарчылардын” арасынан суурулуп чыгып, журтка таанылды. Ал кезде жаш демократ болчу, макала жазганды үйрөнө элек.

Калемгердикти  “Учур” деген гезиттен  окурманга даана көрсөттү.

Андан кийин “Азия ньюс”,  азыр “Майданга”  жазат. Өзүнүн “Карышкыр сай” деген рубрикасы бар эле, ошону редактор неге жоюп салганына түшүнбөйм, мындай “табылгаларды”  сактап калыш керек эле. Жалгыз бир “карышкырыбыз” болсо, анан аны сайынан ажаратканы кандай? Бул карапайым элге “карышкыр” эмес, бийликтин куйруктарын жулган “жырткыч”.

Ооба, анда-санда ойноп да кетет, сойлоп да кетет, бирок принципиалдуу кырдаалга келгенде Ташчайнардай болуп туруп берет. Эми аман болсун, кыргыз журналистикасынын көркүн  чыгара турган “бөлтүрүктөрдү” өстүрсүн.

60 жашка чыкса да эки кой эмес, он эки койго алы жете турган күчү бар.

Ушундай көк жалдуу инилерим бар болсун деп,

Кубан Мамбеталиев

Идея жаратуучу “генератор”

Сабыр байкенин эч кимде жок өзгөчө стили бар. Окуяга карата андай оригиналдуу эч ким өз көз карашын билдире албаса керек. “Чукугандай сөз тапкан, капилеттен көз тапкан”- ушул адам. Анын байкатпай чымчып өткөнү, юмор аралыштыра ач көз бийлик өкүлдөрүн согуп өткөнү кимдин гана болбосун моокумун кандырат.

Редакция үчүн Сабыр байке оригинал автор катары кайталангыс табылга. Азимбек Бекназаровду “бульдозер” деп атасак, Муканбетов биз үчүн идея жаратуучу “генератор”. Токтобой чимирилип турат. Алгыр куш жем издеп учуп, балапандарына таап келип оозуна салып бергендей эле, биздин Сабыкеден эч жаңылык түгөнбөйт. Анын курч аналитика, маектерин Атамбаев калтырбай окугандай эле, азыркы ажо Жээнбеков да чиймелеп окуп чыгаарын айтып калышат. Ошону билген белдүү саясатчылар “менин да атымды да маегиңдин же аналитикаңдын бир жерине кыстарып койчу”- деп сурана түшүшкөндөрүн байкап эле жүрөм. Бирок, “менин досум эле…”- деп Сабыр байке эч качан бирөөнүн көңүлү үчүн макала жазбайт. Ал үчүн биринчи орунда чындык турат. Шилекей алышкан досу болсо да туура эмес басса, ошол замат ордуна коёт. Бул сапат ал “Карышкыр” атка конгон КДК, “Ашар” катарында жүргөндө калыптанган сыяктанат.

Сабыр байке, сизге ден-соолук каалайбыз, окурмандарыбызды сапаттуу жаан курч макала-маектер менен токсондун белин ашкандан кийин да кубантып жүрө беришиңизге ишенебиз!

Нургазы Анаркулов

 Сабыр агамды талыкпай кыймылга келтирген – ак эмгек

Сабыр Муканбетов агамды көпчүлүк калеми курч мыкты журналист, саясий майданда такшалган коомдук ишмер жана көрөгөч саясий серепчи катары таанышат. Ал эми мен болсо, Сабыр агамды, тагыраак айтканда, агайды мыкты насаатчы, жакын менен алысты көрө билген саясатчы, улуу муун менен кичүү муундардын дагы аруу тилектерин, мүдөөсүн, эңсеген кыялдарына чейин билген киши деп баса белгилесем жаңылышпайм. Ал мекенге ак кызмат өтөгөндүгүн, көптөгөн шакирттерди тарбиялагандыгын, анын өткөн өмүрү жана ишмердиги келечек муундар үчүн үлгү болуп калаарын айткым келет. Анткени, Сабыр агамды талыкпай кыймылга келтирген – ак эмгек, ал талаадагы ак эмгек болбосо дагы, ал маалымат жана коомчулук талаасында эмгекчилдик.

Аткарган кызматы үчүн сыйлык күтпөгөн, ийгилиги үчүн төшүн кагып мактанбаган, аракетчил, өжөр, ары жөнөкөй адам, Сабыр агай эмеспи. Жылдар аккан суудай жыбылжып агып, мезгилдер зымырап өткөн соң эмгеги өз жемишин берип, артынан сыймыктуу алкыштарга, чыныгы мактоо менен даңктоого ээ кылган агаларыбыздын катарында сыймыктуу устатыбыз ушул киши. Төгөрөгү төп келген инсан кылып өзүн-өзү жараткан каарманыбыз Сабыр Муканбетов агайыбыз, кутман курак алтымыш жашка толуп олтурат.

Урматтуу Сабыр ага, Сизди чын жүрөктөн юбилейиңиз менен куттуктаймын! 60 жыл бул тажрыйба менен жылдар гана эмес, бул сый-урмат, зор салым жана акылмандык. Сиздин өмүрүңүз кубаныч жана жакын адамдардын жылуулугу менен толсун. Бакыт-таалай, чын ден-соолук  жана гүлдөп өсүүнү каалаймын!

Терең урматтоо менен, иниңиз Тимур Саралаев

60 жашка чыкса, ар дайым жеңишке жетип 6:0 болуп жүрө берсин!

Сабыр Муканбетовду чыгаан журналист жана курч адам катары жакшы билемин. Кыргызстанда төбөсү көрүнүп, төшүн каккандарды өз ордуна коюп, калеминин учу менен далайга таанылды. Жашоонун көчүн улантып, минген жоргосу алдыга оозуп, келин алып, кыз берип, учугун улантып, түндүгүн түрө көтөрүп, жеңе менен бактылуу өмүр сүрүп жатат. Сабыр агай Кудай буйруп, насип кылып 60 жашка чыгып алтын доорун сүрүп, эки жолу 30 жашты басып өтүптүр.

Убакыт деген учкан куш,

Билгизбей берет эртеңди.

Эртең деп жүрүп, биз минтип,

Билбеппиз минтип капырай,

60 жашка келгенди” – дегендей, Сабыр агабыз келбетинен жазбай турса, көзүбүзгө кырчылдаган жигит көрүнө берет экен да. Эмне дейбиз, Сабыр агайдын өмүрү узун болуп, жеңебиз менен көп жашап, балдарынын бакытын көрсүн. Калеми барган сайын курчуп, жашоодо 60 жашка чыкса, ар дайым жеңишке жетип 6:0 болуп жүрө берсин. “Карышкыр” деген каймана атка ээ болгон агабыздын 60 жашы кут болсун!

Гүлжан Шерипбаева

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: