Menu

Баткенде жол куруучулар бир нече айдан бери маянасын ала албай иш ташташты

Бөлүшүү:

Баткенде жол куруучу ишкананын жумушчулары бүгүн иш таштады. 40тай адам бир нече айдан бери маянасын ала албай жаткандыктан ушундай кадамга барганын айдоочу Алыбек Пазылов билдирди.

«Төрт айлык маянаны бербей жатышат. Алдап жатып ушул күнгө алып келишти. Жумуш токтоп турат. Бая күнү министр «25-июлда берилет» деп айтып кеткен», — деди ал.

Транспорт жана жол министрлиги маселе жакынкы күндөрү чечилерин, куруучу компаниянын эсебине акча которуларын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 75-108 чакырымын (Караван айылынан Көк-Талаа айылына чейинки бөлүгүн) реконструкциялоо долбоорун Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 21 млн доллар бөлүүгө убада берген.

2017-жылдын 11-майында Транспорт жана жол министрлиги менен «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» (Азербайжан) компаниясынын ортосунда курулуш иштерин аткарууга 18 млн долларлык келишимге кол коюлган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: