Menu

Түркия: чачы картинг унаасынын дөңгөлөгүнө чаташкан түркмөн кыздын баш териси сыйрылып кеткен

Бөлүшүү:

Самсун шаары

Кара деңиздин жээгинде жайгашкан Түркиянын Самсун шаарында картинг унаасы менен бараткан түркмөнстандык студент кыз жаракат алды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты. Маалыматка караганда, кыздын чачы унаанын дөңгөлөгүнө чаташып, баш терисинин жарымы сыйрылып кеткен.

Кызга терисин жана чачтарын калыбына келтирүү боюнча операция жасалды. Дарыгерлер ал жасалма комадан чыкканы менен, абалы дале оор экенин айтышууда.

«Шаардагы университтердин биринде окуган 22 жаштагы түркмөнстандык Нуржемал Анналиеванын чачы дөңгөлөктүн астына кирип кетип, баш териси кашынан өйдө сыйрылып калган. Ошондуктан ага териси менен чачын калыбына келтирүү операциясы жасалды. Азыр ал өзүнө келип, суроолорубузга жооп берүүдө. Азырынча үй-бүлөсү бул окуя тууралуу эч нерсе билбейт», – деди башкы дарыгер Режеп Санжак.

Жергиликтүү «Сабах» гезитинин журналисти Мурат Али жабыркаган кыз менен сүйлөшүүгө жетишкен. «Мен мындай унаага алгачкы жолу отурдум. Бирок буга чейин айдап жүргөндөрүн көрчүмүн. Биз достор менен отуруп көрөлү дегенбиз. Бир аз жүргөндөн кийин эле чачым чаташып, жыгылып калдым. Узун чачымды жыйнап алышым керектигин мага эч ким эскерткен эмес. Бул алардын көңүл коштугу. Мен күнөөлүүлөрдү сотко берем», — деп билдирген кыз.

Түркиялык «Миллиет» гезитинин маалыматына караганда, окуя 20-июнда кечки саат ондордо, Самсун шаарынын «Батипарк» сейил багындагы аянтта болгон.

Шаардык полициянын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: