Өткөң жумада, 15-июль күнү Баткен облусунун ИИБнын Экстремистик жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери Ооганстандагы лагерлердин бирине чагымчыл жана террордук даярдыктан өтүп жана Сирия мамлекеттинде бийликке каршы согуш жүргүзүү максатында “Өзбекстан-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан” каттамы менен багыт алып бара жаткан Өзбекстандын жаранын кармашкан, – деп маалымдады ИИМдин Басма сөз кызматы.
Баткен облусунун аймагынан O.П. аттуу Өзбекстан Республикасынын жаранын жеке тинтүү учурунда электрондук маалымат каражаттары, араб тилине басылган адабият, жылуу кийим-кече, тамак-аш жана башкалар табылып алынган.
Чогултулган материал Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусунун боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ