Menu

Ирандык ишкер Борбор Азия жана Россияда теңдеши жок ишкананы Кыргызстанда ачууда

Бөлүшүү:

Сыртынан караганда жөнөкөйдөн эле көрүнгөн бул кичинекей мөөр басуучу жабдык үстүнөн 100 килодон ашык жүк басса да сынбайт же бузулбайт”. Ирандык ишкер, Sunny заводунун башкы директору Мухандес Хабиб Дптаби “Майдан.кg гезитине берген маегинде Борбор Азия жаңа Россия аймагында теңдеши жок жалгыз автоматтык штамп жана мөөр басуучу товарды чыгарган ишкананы кантип ачууну пландаштырып жаткандыгы тууралуу айтып берди.

– Сиз кандай максатта Кыргызстана келдиңиз жана ишкерликтин кайсы түрү менен алектенүүнү пландаштыруудасыз?

– Биз Кыргызстана Борбор Азия аймагында жана Россияда теңдеши жок жана өтө сапаттуу мөөр менен штамп басуучу жабдыкты (оснасток) чыгаруучу ишкана ачуу үчүн келдик. Бул жерде өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, бүткүл дүйнө жүзүндө беш гана ушундай жабдыкты чыгарган завод бар. Алар: Иран, Түркия, Кытай, Австрия жана Германия мамлекеттериндеги эң жогорку сапаттык белгиге ээ болгон ишканалар.

– Сиз өзүңүз жетектеген ишкананын товарларын чыгарган башка өлкөлөрдү да атап өттүңүз. Ал эми Иран товарынын булардын продукциясынан айырмасы эмнеде?

– Иран продукциясынын атаандаштардан үч артыкчылыгы бар сапаты, кооз дизайны жана баасынын өтө төмөндүгү. Көлөмү өтө чоң жана эң кымбат товарыбыздын баасы болгону 3 АКШ доллары же 230 сом турат. Өзүбүздүн продукциябыз тууралуу айтканда эмнеге басым жасайбыз? Биздин жабдыктар пластмассадан жасалгандыктан, алгач көзгө жупунудай көрүнүшү мүмкүн. Бирок мына мен өзүм 120 кило салмагым менен аны басканымда сынбайт жана бир жери да бүлүнбөйт. Айтор өтө оор салмакты көтөрө алат жана колдон түшүп кеткенде бузулуп калбайт. Себеби ирандык ойлоп табуучулар эң оболу химиялык элементтер кошулган материалдан 100 килодон ашык жүктү көтөрө алган материалдан жасоону сунуш кылышкан. Бул өзгөчөлүк биздин товардын рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырып, жогорку суроо-талапты жаратат. Андыктан биздин кардарлар жогоруда айтылган баасынын арзандыгынан тышкары кийинки айда сынып же бузулуп калбайбы деп ойлонбостон сатып ала берсе болот. Өз кезегинде бул анын убактысы менен акчасын да үнөмдөйт.

– Эмне үчүн Сиз аймактагы башка өлкөлөрдү эмес, Кыргызстанда иштөөнү тандап алдыңыз?

– Биздин Кыргызстанда ишкердүүлүк жүргүзүүнү чечкендигибиздин негизги себептеринин бири, учурда продукциябызды Ирандан Россия жана КМШнын башка аймактарына түз экспорттоодо айрым кыйынчылыктар болгондугу менен байланыштуу. Ал эми бул жерде заводубуздун филиалын ачып, өз продукциябызды ишке киргизүү менен Кыргызстан да мүчөсү болуп саналган ЕАЭБ рыногуна чыга алабыз. Мындан тышкары Германия да өтө сапаттуу продукция чыгаруу менен бул рынокто биздин башкы атаандашыбыз болуп саналат. Биздин товардын сапаты немистердикинен кем калышпайт. Ал тургай ашып түшөт десек да болот. Мисалы, башкалардыкында мөөр басылганда анын сыясы ошол замат кургабай, кокус үстүңө кагаз коюлуп калса, жайылып кетет. Ал эми биздикинин дагы бир артыкчылыгы жана сыры – заматта, бир секунддун аралыгында кургап калгандыгы жана үстүнө кагаз коюлабы же колуң менен кармайсыңбы, бузулбай, сыясы жайылып кетпейт. Ошол эле учурда атаандаштыкка туруштук берүү үчүн биз кардарларга сапаты алардыкынан кем калышпаган товарыбызды арзан баада сунуш кылмакчыбыз. Бул үчүн албетте, өндүрүштүк чыгымдарыбызды азайтуубуз керек. Андыктан Кыргызстанда биз үчүн товарыбызды чыгаруу өтө ыңгайлуу. Себеби бул жерде жумушчу күчү да башка аймактарга салыштырмалуу арзаныраак болуп саналат. Бирок бул кызматкерлерибиз үчүн бизде иштөө ьңгайсыз болот дегендик эмес. Мындан тышкары электр энергиясынын арзандыгы да жакшы шарттарды түзүүдө. Кыргызстанда немис жабдыктарынын басы $10 турса, кытайлардын сапаты төмөн товарлары $5 дын тегерегинде, ал эми ирандыкы $1,3 – $3. Биздин цех өзүбүзгө эле пайда алып келбестен, жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болгондуктан, Кыргызстан үчүн да керектүү деп ойлойбуз.

– Ишкана качан иштей баштап, канча жумуш орду түзүлөт жана Ирандын жарандары да иштейби?

– Алгач биз 65 кызматкерди жумушка алууну пландаштыруудабыз, алардын 15и профильдик кызматкерлер болуп, арасында Ирандан келген адистер да иштешет. Баардык кызматкерлер атайын окутулат. Бирок ага чейин биз жабдыктарды чогулта турган техникаларды алып келишибиз керек. Биз үчүн эң негизгиси товардын сапаты башкы орунда турат, себеби биз анын керектөөчү үчүн узак мезгил кызмат кылышын каалайбыз. Ошондуктан жогорку квалификациялуу адистерге муктажбыз жана аларды сөзсүз окутуу менен алектенебиз.

– Иран жакында ЕАЭБ менен Эркин соода жүгүртүү аймагы боюнча макулдашууга кол койду. Бул жагдай Сиздин Кыргызстанда өз ишканаңызды ачууга жакшы таасир жарата алабы?

– Ооба, туура айтасыз. Бул документ биз үчүн аябай жакшы жаңылык. Канткен менен аталган экономикалык Союздун кайсы бир өлкөсүндө өндүрүш ачуу биз үчүн пайдалуу болуп саналат. Биздин эсебибиз боюнча, аймактын башка өлкөлөрүнө караганда Кыргызстанда ишканабызды ачуу бир топ ыңгайлуу экендиги жогоруда айтылып өттү. Азыр эле баса белгилегендей, биз рынокту алуу үчүн күрөшөбүз жана атаандаштар менен кардарлардын ишенимин жеңип алууга умтулабыз. Андыктан эң оболу арзан бааны сунуш кылуубуз керек жана анын үстүндө иштеп атабыз деп айта алам. Мен сиз КМШ рыногунда биздин продукциядан арзан жана сапаттуусун таба албашыңызга ишенем. Ошондуктан өзүбүздүн штампты таанытып атканда жана баасы тууралуу сөз кылганда кардарлар ойлонбой эле сатып алышууда.

– Сиз Кыргызстанда ишкерликтин ушул түрү менен гана алектенүүнү пландаштыруудасызбы же башка да долбоорлоруңуз барбы?

– Бишкек эркин экономикалык аймагында (ЭЭА) автоматтык штампты чогултуудан тышкары чыныгы сапаттуу жана кооз перс килемдерин чыгаруучу цех ачуу да планыбыз бар. Азыр эки кабаттуу имаратты бүтүрүп, станокторду жайгаштырууга даярдап койдук. Биринчи кабатта килем токуучу цех курулуп, экинчисинде мөөр жана штамптар үчүн жабдыкты жасоочу станоктор орнотулат.

– Сөзүбүздүн аягында Кыргызстан тууралуу эмне айта аласыз?

– Мага сиздердин бейиштин төрүндөй болгон кооз жериңиздер менен меймандос, кичи-пейил жана жөнөкөй, ачык-айрым элиңиздер өтө жакты. Мисалы, көчөдө баратсаң сени тааныбаса деле кичүүлөр озунуп саламдашып, колун сунгандыгы чыныгы кыргыз пейили деп эсептеймин. Айтор табият менен элдин мүнөзү бири-бирине өтө айкалышып турат. Менден сиздердин өлкө тууралуу маалыматы аз ирандык ишкерлер “Кыргызстан кандай мамлекет экен, барса болобу?”,- деп сурашканда ойлонбой туруп өз акчаңды инвестициялоого өтө ыңгайлуу мамлекет экендигин айтуудан тажабаймын. Сиздердин мамлекетте чет элдиктер үчүн бизнес жасоого өтө ийкемдүү мыйзамдар бар. Бирок ирандык болсом да кыргыз элине, жергиликтүү ишкерлерге “ЕАЭБ сыяктуу 300 миллиондук рыногу жана андан тышкары бүткүл дүйнө жүзүнө чыгууга мүмкүнчүлүгү бар өлкөдө жашап туруп, каалагандай бизнес кылса боло тургандыгын жана алардын товарларын сатып албай, кайра жергиликтүү өндүрүштөн чыгарылган продукцияларды сатуу менен өлкөңүздөрдүн экономикасын гүлдөтсө” боло тургандыгын айткым келет.

Эмилбек Момунов, Азиз Пиримкулов

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: