Menu

Эл менен иштегенден ырахат алган Талантбек Молдобаев

Бөлүшүү:

Маектешим Дербишалиевич Таш-Көмүрлүктөрдүн тынч уйкусу, бейпил жашоосу үчүн дайыма кызматта. Ал учурда Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү. Талантбек Дербишалиевич экөөбүздүн баарлашуубуз анын аткарган кызматы, үй-бүлөсү жана кесиптештери жөнүндө уланды.

Билинбей өмүр сызыптыр, бир ирмем гана элестеп…

-Ички иштер органына 2000-жылы киргем. Келгенде эле Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүндө иштеп баштадым. Ошентип аймактык тескөөчүлүк иш менен жакындан таанышып, акырындап тажрыйба топтой бердим. Билинбей эле ортодон эки жыл өтүп кеткен экен. Бул жылдары ишиме бир топ эле көнүп, тыңып иштеп калдым. Ал аңгыча Аксы тополоңу башталып кетти. Өзүм Аксынын кулуну болгондуктан, мени ошол жакка которуп жиберишти. Райондун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө аймактык ыйгарым өкүл болуп бардым. Үч жылдан кийин Аксы РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө ыкчам кызматкер болуп иштөөнү тапшырышты.

Ал жерде 1,5 жыл иштегенден кийин кайра аймактык ыйгарым өкүл болуп иштедим. 2007-жылы Аксы райондук ички иштер бөлүмүндө экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүндө улук ыкчам кызматкер болуп иштедим. 2008-жылы кайрадан Аксы районунда иштеп жүрдүм. Бул жерге 2013-жылы март айында келгем.

Эл көрдүм, жер кыдырдым

-Иш тажрыйбамды карап отурсам, дээрлик көпчүлүк учурда аймактык тескөөчү болуп иштеген экем. Мен эмнеге аймактык тескөөчү болдум? Анткени, бул өтө кызыктуу иш. Башка деле кызматтарда иштедим, бирок эмнегедир ушул тармак аябай кызыктуу экенин байкадым. Себеби, ушунчалык көп эл менен таанышасың, ар кандай адамдар менен сүйлөшөсүң. Көп жердин жашоо-турмушун көрөсүң дегендей. Мисалы, мен Аксыда 12 айыл өкмөт болсо, анын тогузунда иштептирмин. Көп адамдар менен тааныштым. Алар менен азыр саламым түз, кайда жана кандай жерден жолукпайлы чуркап келип, жакшы маанайда саламдашышат. Көп адам менен иштешкенге психолог да болуп калдым. Аздыр-көптүр, жамандыр-жакшыдыр бул тармакта дээрлик жыйырма жылдай иштептирмин. Жыйырма жыл ичинде эл көрдүм, жер көрдүм. Ушунчалык көп тааныш, дос таптым. Кандай болгон күндө да мен ушул тармактын адиси болгонума сыймыктанам.

Элдин милицияга кез карашы жакшы

-Аймактык тескөөчүлөр- милиция менен элдин ортосундагы көпүрө. Ошондуктан милицияга болгон элдин мамилесинен эле улам коомчулуктун милицияга болгон пикирин билсек болот. Экинчи жагынан Ички иштер министрлигине коомдун пикирин аймактык тескөөчүлөр калыптындырат. Ошол себептен булар биздин ИИМде маанилүү роль ойношот. Мына 5 жылдан бери ушул Таш-Көмүрдө иштеп келем. Менин пикиримде шаарыбызда милицияга элдин пикири жакшы. Мунун да себеби бар. Жетекчиден көп нерсе көз каранды болот эмеспи, анын , сыңарындай бизге иш билги, билимдүү жакшы жетекчи туш келиптир. Кандай кырдаал болбосун, туура багыт берип келет. Элге  кандай мамиле жасаш керек экендигин айтып, талап кылып турат. Негизи милиция  кызматкери эл менен сылык мамиледе болушубуз керек. Өзүбүздү өзүбүз уят кылбашыбыз зарыл. Көчөдө, коомдук жайда дайыма формачан жүрүшүбүз талапка ылайык. Анан ошол формата жараша өзүбүздү таза, тыкан, адептүү алып жүрүшүбүз туура болот. Мага ишенбесециз шаарды айланып, сурап деле , көрсөңүздөр болот. Ага эч кандай деле убакыт кетпейт. Элдин бизге ою, көз карашы, мамилеси эң жакшы.

Өздүк курам жашарып кетти

-Тажрыйбалуу, көп жыл иштеген адис катары байкаганым, реформанын негизинде өздүк курам өтө эле жашарып кетти. Ошол эле реформанын негизинде бир топ тажрыйбалуу адистер эс алууга чыгышты. Мисалы, учурда бизде көп жыл иштеген, тажрыйбалуу аймактык ыйгарым өкүлдөрдөн экөөбүз элебиз. Калгандары Академияны жаңы бүтүп келген же бир-эки жылдык иш  тажрыйбасы бар адистер. Өздүк курам чынында жашарып кеткени ырас. Анын айынан ишти алып кетүү кыйын болуп калууда. Анын үстүнө жаштардын ишти өздөштүрүп, алып кетиши өтө оор болуп жатат. Дагы жакшы бизде жетекчилик катуу көзөмөл кылат. Ошого байланыштуу иш жакшы жүрүп жатат. Болбосо бошураак жетекчи болгондо билбейм эмне болмокпуз.

Милиция деле кадимкидей эле адам

-Менин жеке көз карашымда окууну жаңы бүтүп келген жаштар эмнегедир ыкчам кызматка же тергөө жагына ыктап жатышкандай. Криминалдык милицияда иштөө аларга даңк, бир даражадай сезилет окшойт. Бирок, өзүнүн келечегин ойлоп, ушуну үйрөнүп, билип алайын, иштеп тажрыйба топтоп алайын деген кызматкер аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөн же жаш өспүрүмдөр менен иштөө испекциясынан баштайт. Ошондо булар көп нерсени үйрөнүп, анан барып тиги кызматка даяр болуп калышмак. Азыркы жаштар аны ойлойбойт, дароо эле жогору жагынан баштагылары келет. Тезирээк көтөрүлгүлөрү келет. Мисалы, мен деле чоң кызматка аракет кылсам болот. Ага билимим деле, тажрыйбам деле жетет. Бирок, мага азыркы жумушум кызык. Ишимди кызыгуу менен аткарам. Себеби мага эл менен иштеген ушунчалык жагат. Мурда көпчүлүк карапайым эл, милиция десе эле камагыч же бир орой мүнөздөгү адамдарды элестетишчү. Азыр эми түшүнүп калышты. Менин аймагымда элдин ою андай эмес. Милиция бул – кадимкидей эле адам. Болгону биздин айырмабыз формабызда.

Насаатчы институту активдүү иштөөдө

-Биздин бөлүмдө насаатчы институту болгон ардагерлер кеңеши жакшы иш алып барат. Алардан биздин жаштар көп нерсени үйрөнүшүүдө. Ардагерлер кеңешинин төрагасы биз менен тез-тезден жолугуп, тыгыз байланышта. Жаш кызматкерлер менен жолуккан сайын алардын убагында иштин жүрүшү кандай болгонун, ал эми азыр кандай болуп жаткандыгын айтып, көргөн-билген нерселерин үйрөтүп келет. Айтор, насаатчы институту жаш кызматкерлерге жакшы эле нерсе экен. Башкаларчылап алар эч кандай иш алып барышпайт деп айтуудан алысмын. Ошол эле маалда биздин жумушка баш-оту менен кирип, аралашып да кетишпейт. Ошондуктан ардагерлер албетте бизге керек. Алардын таасири күчтүү. Мына мен деле 3 жылдан кийин ардактуу эс алууга кетем. Мен кеткенден кийин менин ордума бир жаш кызматкер келип, менден кеп-кеңеш сураса, мен кантип жардам бербей коё алам. Колуман келишинче ага жол көрсөтүп, иштин жол-жобосун айтып, кандай адам менен кандай мамиле кылышы керек экенин айтып берем.

Нурлан Жукеев

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: