Президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев унчукпаганы менен үйдөй иштерди бүтүрүп, көмүскөдөгү «Серый кардиналга» айланып жаткандыгы соңку убакта катуу кеп-сөз болууда. Ушул күндөрү анын иш бөлмөсүнө мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Теңизбек Абжапаров, каржылык чалгындоо кызматынын башчысы Гүламжан Анарбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баштаган (өңчөй лөктөр) бүгүнкү бийликтин эрке талтаңдары бат-баттан жолугушуп, бийликке жакпаган эргулдар менен коррупцияга каршы шектүүлөргө кылмыш ишин козгоону дал ушул эрендин бөлмөсүнөн бычып жатышканы чынбы? Эгерде бийлик ичиндеги мындай топтордун өз ара күдүңдөшкөндөрү ачыкталса, келечекте бул бийликтин доорунда да бир кездеги Жаныш менен Максимдин схемасы, алар чапкан жол ишке ашабы? Бул суроолорго жооп көп өтпөстөн билинет окшойт.
Ийгилик Болсунбаев
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ