Menu

Нарын Айып, журналист: Ууруларга «Кыргызпатент» жардам берип, чыныгы автордун укуктарын тебелөөдө

Бөлүшүү:

– Нарын мырза, сиз иштеген «Заноза» сайтын сот доо арыздардын негизинде миллиондогон сомдук доого жыкты эле. Анын аягы эмне болуп бүттү?

– Аки-чүкүсү көп экен, ошолор бүтүп атат, аягына чыга элек, бирок бүтөт го. Атамбаевдин атынан Жолдубаева берген беш доо арыздан тышкары, башка да 5-6 соттук иш бар, ошолор азыр кыйнап атат. Биздин логотипти уурдап алып, Рябушкин «Заноза» деген ысымды «Кыргызпатентте» каттап алган, биз аны сотко бергенбиз, ал бизди сотко берген, биз «Кыргызпатентти» сотко бергенбиз. Алардын «Занозаны» Александр Рябушкинге каттаганы мыйзамдуу болгон, анткени, каттоо арызы менен ал кайрылган, биз кайрылган эмеспиз. Биз түшүндүрүп, «Занозанын» эскиз сүрөттөрүн, дизайнер менен түзүлгөн биздин келишимди жана башка документтерди көрсөткөндө, алар биринчи чечимин өзгөртпөй койгону үчүн сотко бергенбиз. Сүрөттүн автору – бизге тартып берген дизайнер, Рябушкиндин андай нерселери жок, жөн эле биздин сүрөттү көчүрүп алган. Ошондуктан, «Кыргызпатент» өз чечими менен ууруларга жардам берип, логотиптин чыныгы авторунун укуктарын тебелеп жатат. «Биз «Занозанын» бар экенин ал кезде (2015-2016-жылдар) билген эмеспиз» дешет, бирок, өздөрү пресс-релиздерин бизге жиберип турган, «жарыялап койгулачы» деп.

– Кандай деп ойлойсуз, бийлик алмашкан соң басма сөз эркиндиги жагынан жакшы жагына өзгөрүү болуп жатабы?

– Анча-мынча жылыштар бар, бирок кардиналдуу эмес. Кабай Карабековго каршы доо арызынан Жээнбеков баш тартты, анысы жакшы. Аны туурап Атамбаев дагы өз доосунан баш тартты. Бирок, сөз эркиндигин толук камсыз кыла тургандай жана бийлик же башкалар журналисттерге себепсиз тийише албагандай абалга жеткирүү боюнча чечкиндүү чаралар жок жана болбойт деле го.

– Эмне үчүн антип ойлойсуз?

– Белгилери көрүнбөйт.

Аттокур Жумаев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: