Бүгүн, 26-июлда Бишкектеги Илим жана бизнес эл аралык университетинин негиздөөчүсү Н.А. кармалып, Октябрь райондук милициясында сурак берип жатат. Бул тууралу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Ага чейин бул университеттин медициналык факультетинен билим алуу үчүн келген Индиялык 60тай студент университеттин негиздөөчүсү жана проректору Н.Асаналиев өз кабинетинде ар бир студенттен былтыр, 2017-жылы контракттын акысы деп 2900 доллардан акча жыйнап алып, квитанция берген эмес, быйыл, 2018-жылы да кайрадан 2900 доллардан акча талап кылып, төлөбөгөндөрдү окуудан чыгарып жатат деп арызданып келишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ