Бүгүн, 25-июлда саат 15.30.да Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон поселкалык милиция бөлүмүнө телефон чалышып, чоң суунун жээгинде жаш кыз шектүү турганын кабарлашкан. Кабар жетери менен ал жерде болушкан милиция кызматкерлери Даврон Абдуразаков, Тынчтык Абдиев жана Азиретали Акынбаев айтылган дарекке жетип барышып, жаңы эле сууга боюн таштаган 16 жашар кыздын артынан сууга бой урушуп, аны суудан куткарып чыгышкан. Бул тууралу Баткен облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Аман калган кызды апасынын колуна өткөрүп беришти.
Баткендеги ушундай эле опокшош окуя тууралу 1-июлда да жазган болчубуз. Анда Халмион поселкалык милиция бөлүмүнө телефон чалышып, жетип барган милиционер Нурланбек Бегалиев сууга боюн таштап өлгүсү келген 18 жашар кыздын артынан боюн сууга уруп кызды сактап калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ