Menu

Өзбекстанда бир нече имам жумуштан бошотулду

Бөлүшүү:

Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы 26-июлда республиканын бир катар мечиттеринен имамдардын иштен алынышы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалымат боюнча диний билими жок болгондуктан Сырдарыя облусунда үч имам жумуштан бошотулду. Мындан тышкары мыйзамсыз нике кыюу, мечитке келгендерге орой мамиле жасоо фактлары катталган. Буга байланыштуу Сырдарыя облусунун башкы имам-хатиби Муминжон Усманов да ээлеген кызматынан бошотулду.

Ташкенттеги ири «Шайх Зайниддин» мечитинин имам-хатиби Одилхон Исмоилов да жумуштан алынды. Ал мечит тартиптерин сактабай, күн сайын окулчу намаздарга келбей, такталбаган маалыматтарды интернет аркылуу таратып турганы айтылууда.

Фергана облусунун Фергана районунун имам-хатиби Хасанбой Ашуров менен Самарканд облусунун Самарканд районунун имам-хатиби Абдурахим Пулатов тапшырмаларды өз убагында аткарбай, имамга ылайык келбеген орой мамилеси үчүн иштен алынды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: