Menu

Өзүн СССР президентимин деген дарыгер экстремизмге айыпталууда

Бөлүшүү:

Орусия Федералдык коопсуздук комитети 26-июлда Зеленоград шаарында өзүн “СССРдин президентимин” деп жарыялаган 56 жаштагы Сергей Тараскиндин үйүндө тинтүү жүргүздү. Тараскиндин 52 жаштагы шериги Александр Соловьевдун батири да тинтилди.

Алардан “СССР” уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу аудио жана видеоматериалдар, уставдык документтер, мөөр менен типографиялык өнүмдөр алынды. “Экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Тинтүүдөн соң Тараскин менен Соловьев Тергөө комитетине жеткирилип, күбө катары суракка алынышты.

“СССР” кыймылы тууралуу 2010-жылы белгилүү болгон. “Медиазона” басылмасынын маалыматы боюнча тиш дарыгери Сергей Тараскин эки жыл мурун Зеленоградда жеке клиникасын ачкан, бирок каржы маселесинен улам ал жабылып калган. Ишкер шаар бийлиги менен соттошуп, отурумдардын биринде өзүн “СССР президентинин милдетин убактылуу аткаруучу” деп жарыялаган. Мындан тышкары ал Советтер Союзунун алгачкы жана акыркы президенти Горбачевду “дезертир” деп атаган.

Мындан кийин Тараскин өз уюмун түзүп, “СССР өкмөтү уюштурган” акылуу семинарларда тарапташтары менен жолугушуп турган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: