Menu

Адилет Чубаков, журналист: “Улан Эгизбаев чөккөн учурда “куткаруучу” кассада акча жыйнап олтурган, мен “Акун” пансионатынан эс алуудан баш тартууга чакырам!”

Бөлүшүү:

Журналист-иликтөөчү Улан Эгизбаев Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатынын жээгинде сууга чөккөн учурда окуяга күбө болгон КТРКнын журналисти Адилет Чубаков жаңы пост жазып, коомчулукка кайрылуу жасады:

“Акундагы” кырсык боюнча!

Чыныбай Акунович айтып жаткан коопсуздук белгилерди терендик башталган жерге, жоктон көрө жогору деп туруп, КЫПКЫРГЫЗЧА эле ЖИПКЕ БАКАЛАШКА тизип коюп коюуга болот беле?

Пансионатта куткаруучу жок болчу ошол учурда!, бирок жарым карыш жылбай ооздон акча чогулткан кассир бар эле! Дегеним, “куткаруучумун” деп жаткан кызыл кепкачан жигит, “Акундун” айланасын тоскон темир торчонун дарбазасында кароолдо отурган, пансионатка кирүүнү каалагандардан 300 сомдон акча чогултуп! Ал анан кандайча “куткаруучу” болуп калды?

“Куткаруучумун” деген жигит келген убакыттан дагы айырма чыгып жатат камерадагы учур менен! Жакшылап чийки кадрды алып текшерип чыгуу керек. Эгер кесилген болсо кадр үзүлүп (скачок) айырма чыгат!

Мен мындай коопсуздугу сакталбаган пансионаттан баш тартууга чакырам! Ансыз дагы кыска жашоодо аманчылык керек!

Адилет Чубаков, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: