Menu

Исхак Масалиев: Бишкектин четинде суу талашып, сугатта жүрөм

Бөлүшүү:

– Исхак Абсаматович, президентибиз кадрларды ротациялоо боюнча жакшы демилге көтөрүп, алгачкы кадамдарга бара баштады. Сиз бута кандай карайсыз?

– Абдан жакшы демилге. Эгер биз мамлекеттик кызматкерлерди Нарындан Ошко, Оштон Нарынга, Таласган Чүйгө, Чүйдөн Баткенге которуп иштетсек, абдан жакшы болот эле. Советтик мезгилде бул тажрыйба аябай кеңири колдонулган. Кийин эле «сөзсүз өзүбүздүн кулун болушу керек» дегенди эреже кылып алдык. Андыктан, мен бул демилгени колдойм. Ал эми жеке адамдар боюнча маселе бар.

– Жеке адамдар дегенде сиз Узарбек Жылкыбаев тууралуу айтып жатасызбы?

– Узарбек мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Балким, жакшы жигиттир, мекенчилдир, бирок облустун жетекчисине өзгөчө талаптар бар да. Албетте, азыркы жаштар баарын билет, алардын билбеген эчтекеси жок. Бирок, жеке менин пикирим боюнча, жетекчи кызматка барган киши баардык тепкичтерди басып өтүп койсо жаман болбойт эле. Жетекчи кызматтарга сөзсүз тажрыйбалуу кишилерди коюш керек. Же болбосо Башкаруу академиясында окутуш керек. Башкаруу академиясы мамлекеттик кызматкерлерди даярдоочу, алардын сапатын жогорулатуучу окуу жайы болушу кажет. Ошол эле губернаторлор, акимдер жылына бир-эки жолудан келип, партага отуруп окушу зарыл. Менин угушум боюнча, азыр иш кичине жыла баштады.

– Азыр эс алып атасызбы? Кайсы жерде?

– Бишкектин четинде дыйкан чарбам бар. Ошол жерге күнүгө барып, суу талашып, сугарчу жерди сугарып, орчу жерди оруп, тиричилик кылып атам. Мээ менен иштеген адамдар бир аз мезгил колуна кетмен кармаса эчтеке болбойт. Ал эми эл менен жолугушууга август айында барам.

Керим Мурас

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: