Menu

Равшан Жээнбеков: Өкмөт эч нерсеге жараксыз – идеялары, программалары, энергетикасы да жок

Бөлүшүү:

Бул персонаны «батышчыл» деп айрымдар жаман көрүшсө, кээ бирөөлөр анын мындай көз карашы, активдүү саясый кадамдары үчүн оң баасын беришет. Бийликке каршы айткан сыны, ага удаа аргументтүү сунуштары менен айырмаланган Равшан Бабырбекович менен учур кырдаалы боюнча кызыктуу кептен сөз учугун уладык. Эмесе, бул жагынан анын төмөндөгү анализине баа берип көрсөңөр болот.

– Равшан мырза, мэр Албек Ибраимовдун кызматынан алеки саатта жыга чабылганына өзү гана эмес, шефи Атамбаев да ачууланып, үн катканга дейре барды. Бийликтин мындай кадамдары Атамбаевдин ызасын күчөтүп, күзгө карай анын Жээнбеков эски досунан өч алуу процессинин эртелетишин шарттабайбы?

-Атамбаев жана компания, жашыруун шайлоо мыйзамдарын бузуп, өзгөчө Жогорку Кеңешке, Бишкек жана Ош шаарларынын депутаттыгына өздөрүнүн айтканынан чыкпаган, ишенимдүү гана адамдар менен партияларды өткөрүшкөн. Жыйынтыгында, ошол ишенимдүү адамдары, КСДП башында турган башка партиялары, Атамбаевди, Сапар Исаковду, мына эми Албек Ибраимовду дагы жаңы бийликти колдоп, 100% мурдагы кожоюндарына каршы чыгышты. Муну менен Атамбаевдин бийлиги, ишенген адамдары толугу менен талкаланды. Президенттер, саясатчылар мамлекетти башкарууда кыйын, жагымсыз болсо дагы кошоматчылар, жардамчылар менен эмес, биринчи кезекте саясатчылар, саясый пикирлештер менен иштеши керек экенин Атамбаевдин трагедиясы далилдеди. Атамбаевдин өмүрүн арнаган иши, максаты, командасы менен кошо талкаланды. Албетте, ушул жоготуулардан, өмүрлүк катасынан кийин ал тынчып жатып калса, анда андан ары тарыхтын таштандысынан орун алат. Бирок, мен аны жакшы билген адам катары айта алам. Ал тынчыбайт! Ал негативдүү идеянын алып жүрүүчүсү, өлкөгө көптөгөн трагедияларды алып келген терс персона болсо дагы күчтүү, өжөр саясатчылардын бири. Менин байкашымча, Атамбаев президент кезинде жана кетеринде билип-билбей, мүмкүн атайылап Кыргызстанга, президент Жээнбековко мурас катары жакынкы убактарда активдеше турган оор процесстерди жана саясый конфликттерди калтырып кеткен. Ал процесстер жана конфликттер жакынкы айларда ойгоно баштайт. Атамбаев аларды өз кызыкчылыгына пайдаланууга сөзсүз аракет кылат. Кээ бирлерин пайдаланып баштады…

– Кандай болгон күндө да Атамбаевдин эң маанилүү сапатгары бар. Ал колу ачык, берешен жана «кылам» дегенин кылган көкжалдык, эр жүрөктүк мүнөздөрү. Акчасын чачып, Соке досунан коркпогон ушундай эки сапаты менен азыркы бийликтен күзгө карай биротоло өч алып тынбайбы? Анан калса ал кишинин буга чейинки эки революцияда опол тоодой күч берген, бул жагынан тажрыйбалуулугун танбашыбыз керек да, туурабы?

– Айтканыңа толугу менен кошулам. Эки төңкөрүштө тең өзү мактанып жүргөндөй Атамбаевдин ролу чечүүчү эмес, албетте, бирок маанилүү болгон. Ал Кремль менен жакын иштеп, аларга болушунча кошомат кылып, каражат маселелерин чечүүгө, эл чогултууга чоң салым кошкон. Бийликке сатылганды дагы, бийлик менен күрөшкөндү дагы жакшы билчү. Мурда каражат издеп Кремлге барса, эми 6 жылдык президенттигинин маалында өзүнүн жана жакындарынын чогулткан байлыгы жетиштүү. Эми ал каражат издеп сыртка барбайт. Менин оюмча, өмүрлүк катасын ондоо үчүн ал көп нерседен баш тартып, көп нерсени жасоого даяр. Анын үстүнө мен жогоруда айтып кеттим, атайылап ал салып кеткен көрсөткүчтөр жана процесстер ага өзүнөн-өзү жардамга келиши мүмкүн. Күздө кызык жана оор саясый процесстер башталат, саясый күчтөр кайрадан чогулат, жалпы элита активдешет, олигархтар мурдагыдай бийликтин гана камчысын чаппастан, ойлонууга өтөт (себеби, бийлик олигархтарга жеке жана капиталдык коопсуздук гарантиясын бере албай калат), инвестиция келбейт, экономика кескин начарлайт. Коңшу диктатуралардын дагы биздин саясый процесстерге аралашып кетүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Ушул нерселер күздөн баштап жазга карай азыркы бийликти бир топ кыйнайт. Мына ушул нерселердин баарында Атамбаев чечүүчү болбосо дагы, маанилүү саясый борборго айланарына ишенем.

– Эгерде Атамбаев ызасын, бугун чыгарып, бүгүнкү бийликке күз мезгилинде чындап катылса, Жээнбеков бийлиги андан кантип коргонот? Абактагы Атамбаевдин эзелки душмандары болгон Текебаев, Талгарбеков баштаган саясатчыларды чыгарып, ага каршы пайдалануу мененби? Же Чүйдүн кадрларын негизги кызматтарга коюп, ошолор аркылуу коргонуп, бийлигин сактап калабы?

– Менимче, президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине коркунуч жаратчу эки күч бар. Биринчиси, Кремль жана анын тегерегиндеги таасирдүү топтор. Тарыхта да, азыр да Кремль кыргыздын лидерлерин каалагандай калчап келген. Алар каалаганын кетирип, каалаганын коюуга баардык мүмкүнчүлүктөру бар. Аскер базасы, газ-нефть күнкорлугубуз, саткын кыргыздын кээ бир саясатчылары, каражат, медиа, атайын кызматтар… Кыскасы, баардык жагынан көз карандыбыз! Экинчиси, социалдык, экономикалык абал. Ансыз дагы начар экономикалык абалыбыз дагы начарлайт. Алты айдын жыйынтыгы боюнча өткөн жылга салыштырмалуу баардык көрсөткүчтөр начарлады. Капиталдын чыгып кетиши, инвестициянын келиши, экономиканын өсүшү. Баары кескин түрдө начарлады. Өкмөт эч нерсеге жараксыз – идеялары, программалары, энергетикасы жок экенин көргөздү. Өкмөт өкмөт катары жок болду… Ошол эле маалда бул маселелерди президенттин жеке башкаруусу менен дагы чечүү мүмкүн эмес. Президент реалдуу бийликтин ээси болгону менен мыйзамдуу бийлик башка институттарда. Ал институттар өкмөт дагы, парламент дагы, сот бийлиги дагы мурдагыдай эле өз функцияларын эффективдүү аткарбастан коркконунан же атайылап баардык чечим кабыл алуу, адилеттүүлүк, инвестиция тартуу, тышкы саясат, реформа жүргүзүү функцияларын президентке берип коюшту. Бул жоопкерчиликтер мурдагы президенттер сыяктуу эле азыркы президентти дагы коркунучтуу багытка, туңгуюкка алып баратат. Туңгуюктан чыгуу жолу бирөө гана. Президент Жээнбеков реформалардын программасын, планын, мөөнөтүн, булактарын жана аткарчу командасын коомго жарыялашы керек. Өзгөчө, сот -укуктук админисгративдик жана жергиликтүү бийлик тармактарында. Президент Жээнбековду оор социалдык, экономикалык кризисген алып чыга турган бир гана нерсе бар. Ал элдин ишеними. Ал эми ишеним, реформалардын башталышы коомго күнүгө ММКлар аркылуу түшүндүрүлүшү жана ачыктыгы менен гана бекемделет. Кыскача жооп берсем, президенттин келечектеги кризистерден коргонуучу чыныгы куралы, бул жок дегенде маанилүү реформалардын башталышы. Реалдуу башталышы, жалган жана имитациялык эмес. Бул маселе боюнча президентте азырынча көйгөйлөр бар. Ал эми башка интригалар, кландар оюну, карама-каршылыктарды пайдалануу, регионализм, камоолор кандайдыр бир убактылуу жардам бериши мүмкүн, бирок, стратегиялык коопсуздук маселесин чече албайт. Ага мурдагы президенттер, өзгөчө Атамбаевдин тагдыры далил.

– Эгерде экс-президент Атамбаев азыркы бийликке күздө чындап катылса, сырттагы сиз сыяктуу оппозициялык көз караштагы кызматсыз жүргөн саясатчылар кошул-ташыл боло Жээнбеков бийлигине оппозициялык ишмердүүлүктөрүн күчөтүшсө, анда азыркылардын абалы чындап оорлошуп кетпейби?

– Атамбаевге каршы болгон дээрлик баардык саясатчылар, граждандык лидерлер азырынча президент Жээнбековту колдоп атышат. Акыркы президент Жээнбеков менен болгон биздин жолугушуу буга далил. Жээнбековдун кээ бир позитивдуу кадамдары – жаңы президент, жакшы адам катары үмүт, ишеним кредитин, саясый аванс берүүдө. Ошол эле убакта коом, активдүү жарандар өзгөрүүлөрдү талап кылып аткандары дагы так сезиле баштады. Бийликке басым барган сайын күчөп бараткандай. Эгер президент эки-үч көйгөйлүү багытта реформалардын башын жарыялап, комиссияларды түзүп, ишти баштап жиберсе, көп саясый күчтөр, граждандык коом президентти колдоосун менимче улантат. Саясый дестаблизацияга шарт, негиз азаят. Саясый абал күздө кандай болот, кимдер күчтөнөт, кимдер алсызданат, булардын баары бийликтин өзүнө, көрөңгөсүнө, жасаган ишине жана командасына жараша болот. Биздин тарыхта дайыма оппозиция өзүнүн күчтүүлүгүнөн эмес, бийликтин алсыздыгынан жана акылсыздыгынан утуп келген.

– Мамлекеттик казынанын ички-тышкы киреше-чыгашаларын, девольвация, дефолт, өлкөгө кирген инвестициянын агымын ташка тамган баскандай тыкыр анализдеп жатасыз. Өлкөдөгү экономикалык абалга сиздин бааңыз кандай?

– Биз жок дегенде беш-алты жылдык оор экономикалык циклге кирдик. Негизги экономикалык өнөгүбүз Россия санкциялардын, туура эмес башкаруунун айынан экономикасын оор абалга каптап алды. Нефтинин баасынын арзандашы Россия менен Казакстандын абалын андан дагы начарлатып, экономикалык өсүүлөрүн токтотту. Кытай акыркы чатактардын фонунда бизге болгон инвестицияларын кыскартууга мажбур болот. Батыш үчүн Кыргызстан экономикалык жактан кызык эмес. Ушул кыйынчылыктардын фонунда коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстан маанилүү өзгөрүүлөргө, реформаларга барып, биз алардын көлөкөсүндө калып калдык. Эффективсиз башкаруу моделибиз, реформалардын жасалбагандыгы, ансыз дагы араң жан экономикабызды жакынкы жылдары оор кезендерге алып келет. Бул кыйынчылыктар, кризис, экинчи жагынан Кыргызстанды жакынкы жылдарда чоң өзгөрүүлөргө алып барат! Биз ал өзгөрүүлөрдү улут катары түшүнүп, анализдеп, улуттук кызыкчылыгыбызга, келечегибизге ылайыктап өзүбүз жасайбыз же болбосо мурдагы жасалма өзгөрүүлөрдөй эле тышкы күчтөрдүн, коңшу диктатуралардын түрткүсү, каалоосу менен илең-салаң келечекке багыт алабыз. Кайсы жол бизге пайдалуу, муну келечектүү улут, элита, активдүү жарандар түшүнүшү керек.

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: