Menu

Денис Тендин өлүмүнө шектелген үчүнчү адам кармалды

Бөлүшүү:

Казакстанда сот белгилүү көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелген үчүнчү адамдын бөгөт чарасын карап, аны камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Марат Ахметжановго шилтеме кылып жазышты.

«Бул кылмышка шектелип үч адам кармалды. Жетиштүү далилдер топтолду. Алардын мыйзамдуу экенин азыр прокурорлор текшерип жатышат. Сот шектүүлөрдүн бөгөт чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарды. Үчүнчү адам кылмыш тууралуу билип туруп кабарлабагандыгы үчүн кармалды», — деп билдирди Ахметжанов.

Ал үчүнчү шектүүнүн аты-жөнүн айткан жок.

Бирок жергиликтүү маалымат агенттиктери Алматынын Алмалы райондук сотуна бул иш боюнча үчүнчү шектүү катары кармалган Жанар Толыбаеваны эки айга камоо тууралуу өтүнүч келип түшкөнүн кабарлашты. Informburo сайтынын маалыматына караганда, сот Толыбаевага карата эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Буга чейин кармалган эки шектүү күнөөлөрүн моюндарына алып көрсөтмө беришкен.

19-июлда Денис Тенге анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келгенбелгисиз эки адам кол салган. Кармаш учурунда кылмышкерлер ага бычак сайып кетишкен. Спортчу үч литрге жакын кан жоготуп, ооруканада көз жумган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: