Menu

Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду эмне үчүн мурунку кызматына кайра орноткону тууралу түшүндүрүп берди

Бөлүшүү:

Райымбек Матраимов сотко кайрылып, КР Өкмөтүнүн жана КР Өкмөтүнүн алдындагы Бажы кызматынын аны кызматтан алуу тууралу чечимдерин жокко чыгарууну жана аны өз кызматына кайра орноштурууну суранып арыз жазган.

Соттун чечими менен Райымбек Матраимовдун талаптары аткарылды. Ал үчүн төмөнкү себептер негиз болду:

-Райымбек Матраимов кызматынан бошотулган буйрукта айтылган “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат тууралуу  КРнын мыйзамынын” 47-беренесинин, 3-бөлүмүнүн 1-бөлүкчөсүн бузгандыгы тууралу далил жок болуп чыкты.

-Мындай учурда зарыл болгон кызматтык иликтөө болгон эмес жана Райымбек Матраимовго тартиптик чара көрүү боюнча иликтөө жүргүзгөн тартип комиссиясынын корутундусу болгон эмес.

-Райымбек Матраимов 2017-жылдын 21-ноябрынан 29-ноябрга чейин райондук оорукананын стационардык дарылануусунда жатканына карабай ал кызматтан бошотулган. Бул мыйзамга каршы келет.

-КР Бажы кызматынын төрагасы мындай учурда өкмөткө орун басары Райымбек Матраимовду кызматтан алуу тууралу кат жазып, анын себептерин  мыйзамдын чегинде негиздеп кайрылыш керек эле, бирок Бажы кызматы андай кат менен өкмөткө кайрылган эмес. Ага карабай өкмөт буйрукка Бажы кызматынын төрагасынын катынын негизинде кызматтан алынсын деп жазышкан.

Мына ушул нормалардын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду мурунку кызмат ордуна калыбына келтирүү чечимин чыгарды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: