Menu

Кубатбек Боронов Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү менен Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорун талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 27 июлда, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Кэндис МакДэйган менен жолукту. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кэндис МакДэйганга республиканын энергетикалык тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Азыркы тапта Азия өнүктүрүү банкы энергетикалык тармактагы жалпы суммасы 320 млн АКШ долларын  түзгөн төрт ири долбоорду каржылоодо. Алардын эң маанилүүсүнүн бири токтогул ГЭСин реабилитация долбоору болуп эсептелинет. Токтогул ГЭСинин реконструкциялоодогу экинчи жана үчүнчү фазасында 100 млн АКШ долларынын тегерегинде каражат үнөмдөөгө мүмкүн болду, аны энергетика тармагындагы адистер Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоого багыттоону сунушташууда», – деп белгиледи Кубатбек Боронов

Кэндис МакДэйган Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасына Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар мындан аркы конструктивдүү кызматташууга өз ара даярдыктарын билдиришти.

Маалымат иретинде:

Үч-Коргон ГЭСи – 1962-жылы ишке берилген Нарын дарыясындагы алгачкы гидроэлектростанциялардын бири

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: