Menu

Фото – Экс-премьер-министр Данияр Усенов Белорусияда 700 млн доллардык кытай-белорус биотехнологиялык комбинатын кура баштады

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-июлдун кечинде Белорус маалымат каражаттары Минскиден анча алыс эмес Руденск шаарчасында жогорку технологиялуу өндүрүштүн толук циклин камтыган – буудайдан аминокислота өндүрө турган биотехнологиялык комбинаттын курулушу башталганын жарыялашты. Ал курулуп бүткөндө миңдеген жумушчу орундар түзүлүп, жылына 100 млн доллар киреше таба турганын билдиришти.

Бул  уникалдуу технологиялар менен жабдылган комбинатты курууга белсенип киришкен “Белорус улуттук биотехнологиялык корпорациясы” жабык акционердик коом (ЖАК) буудайды терең кайра иштетүү жолу менен азыр таңкыс болуп жаткан аминокислотаны алуу технологиясына 700 млн доллардан ашык инвестиция салууну көздөйт. Бул комбинатты сала турган генподрядчик – кытайлык CITIC компаниясы үч жылда негизги объекттерди куруп бүтүп, ишке киргизе турганын билдирип жатат.

“Эбегейсиз чоң жана керектүү курулуш. Бул жерде 1000 жумушчу орду түзүлөт. Бул долбоорго кеткен чыгымдар 8 жылда толук өзүн актап бүтөт. Чыгарылган продукциянын жарымы экспортко кетет.”, – деп билдирди курулуштун пайдубалын түптөө салтанатына келип катышкан Белорусиянын вице-премье-министри Михаил Русый.

“Белорус улуттук биотехнологиялык корпорациясы” 2016-жылы Белорусиянын президенти Александр Лукашенконун указы менен  түзүлгөн. Бул долбоордун демилгечиси жана сүрөөнчүсү биздин ушул корпорация. Ал эми куруучусу – кытайлык CITIC компаниясы таза өткөн сынактан комбинатты куруу укугун утуп алды. Алтургай CITIC биздин корпорацияга акционер болуп кирип, белгилүү кытай GOFCO компаниясын да бизге ири акционер болуп кирүүгө тартты”, – деп билдирди “Белорус улуттук биотехнологиялык корпорациясы” ЖАКтын директору Даниил Урицкий.

Комбинат үчүн 160 гектар жер бөлүнгөн, анын 120 гектары биринчи этапта эле өздөштүрүлүп, бир технологиялык чынжырчага бириктирилген 12 завод курулат. Бул комбинатты куруу үчун белорус-кытай өкмөттөрү эки келишим түзүшкөн жана эки кредиттик макулдашууга кол коюшкан. Натыйжада кытай тарап 635 млн доллар акча бөлүүдө. Анын биринчи траншы келип түштү.

2019-жылдын үчүнчү кврталында 450 миң тонна дан бата турган кампалар комплекси, жумушчулар үчүн үйлөр жана инфраструктуралык объекттер курулуп бүтүп, пайдаланууга берилет.

2020-жылдын биринчи кварталында ири мүйүздүү малдар, канаттуулар, чочко, балык фермалары үчүн комбикорм чыгара турган заводдордун комплекси ишке киргизилет.

2021-жылы биринчи кварталда аминокислоталар чыкчу заводдор бүткөрүлүп, иштей баштайт. Булар жылына 200 миң тонна ун, крахмал, глютена, глюкоза, лизина, треонина, триптофана өндүрүп чыгарат. Алардын жанына лабараториясы менен биотехнологиялык илимий-практикалык борбор курулат.  “Ошондой эле бул жерде адамдарды дарылоого пайдаланылуучу медициналык багыттагы өзгөчө таза аминкислоталарды чыгара турган завод салынат”, – деп кошумчалайт Даниил Урицкий.

“Бул долбоордо биринчи жолу 4-муундагы бактериялар пайдаланылат. Жылдык кирешебиз 100 млн долларга жетет. Ошондо биз өз каражатыбызга заводдордун долбоордо белгиленген экинчи кезегин кура баштайбыз. Алар алаинди, валинди, цистеинди чыгара баштайт. Ишкананын уставдык фонду 10 млн доллар. 25% Белорусияныкы, 29% Кытайдыкы, 1% Россияныкы ал эми калган 45% бул агроөнөржай комплексин түзүү идеясын сунуштап чыккан Кыргызстандын мурунку жетекчилигине африрленген компанияларга таандык.

Болгону “Белорус улуттук биотехнологиялык корпорациясы” ЖАКтын директору Даниил Урицкийдин биографиясы табышмактуу бойдон калууда. Кыргызстанда аны бир кездеги өлкөнүн премьер-министри Данияр Усенов дешет. Ал эми корпорациянын өкүлдөрү директор бул темада комментарий бербей турганын эскертишти жана биз жетекчибизди Даниил Тимурович Урицкий катары гана билебиз дешти”, – деп жазат белорусиялык tut.bu басылмасы.

Кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: